21

Апрель

2018

Дмитрий Медведев Мухаммедкалый Абылгазиевди Премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.

 Төмөндө куттуктоонун толук текстин келтиребиз:

 «Урматтуу Мухаммедкалый Дүйшекеевич,

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышыңыз менен куттуктайм.

Россияны жана Кыргызстанды достук, өнөктөштүк жана союздук мамилелер байланыштырып турат. Мындан аркы соода-экономикалык өз-ара аракеттер, өнөр жай жана энергетикадагы ири долбоорлорду ишке ашыруу, Евразия экономикалык бирлик алкагындагы интеграцияны тереңдетүү – биздин өлкөлөрдүн узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына толук түрдө жооп берет деп ишенем.

Мухаммедкалый Дүйшекеевич, Сизге чын ден соолук, бакубатчылык жана жоопкерчиликтүү ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди каалайм», - деп белгиленет катта.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү