03

Февраль

2012

Бүгүн, 3-февралда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин жетекчилиги астында донорлор коомчулугунун башчылары менен жолугушуу болуп өтүп, анда Өкмөттүн  “100 күндүк” планын иш жүзүнө ашыруу маселеси талкууланды. Вице-премьер-министр Кыргызстандын демократия жолун тандап алганы экономиканын өнүгүүсү үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк экендигин белгиледи. Өкмөт өзүнүн баштаган чоң реформаларынын жыйынтыгын элдин жашоо деңгээлинин жакшыргандыгынан көрөт, деди Ж.Оторбаев, донорлорго Өкмөттүн “100 күндүк” планынын негизинде жасала турган иш чараларды айтып берип жатып. “Кандай гана суроо болбосун, биз аны узак мөөнөт аралыгында кароого убактыбыз жок. Ошондуктан, Өкмөт алдына койгон реформаларды жүргүзүү үчүн кыска убакыттын ичинде чечимдерди кабыл алып жатат. Элибиз бизден ар бир үй-бүлөгө жана жаранга таасир этүүчү реалдуу өзгөрүүлөрдү күтүп жатат. А биз болсо Өкмөттүн “100 күндүк” ишин аткарып, элге айтып берип, өзгөрүүлөргө зор кадам жасалгандыгын билдиргибиз келет. Мен эл аралык уюмдарда, долбоорлордо иштегеним үчүн бул тармакта чечимдер бюрократиянын тепкичтеринен өтүп кабыл алына тургандыгын жакшы билем. Өкмөттүн убактысы аз болгондугуна байланыштуу алдына койгон реформаларыбызды өз убагында бүтүрүүгө донорлордун колдоосуна ишенебиз”, – деди Ж.Оторбаев. Жолугушуу учурунда тоо-кен тармагына инвестицияларды тартуу максатында жаңы мыйзам долбоорлору иштелип чыккандыгы айтылды. “Бул тармакта дүйнөдөгү эң жакшы мыйзамдарды иштеп чыгуу боюнча максат коюлган. Биз ийгиликтүү боло алабыз”, - деп баса белгилеп, Өкмөт тарабынан донорлор үчүн алар кайсы тармакта жардам бере ала тургандыгы тууралуу карта иштелип чыккандыгын маалымдады. Донорлор коомчулугунун башчылары элдин жашоо-шарты жакшырышы үчүн Өкмөт баштаган реформаларды колдоорун айтышты. Кыргызстандагы Дүйнөлүк Банктын (ДБ) жетекчиси Александр Кремер  ДБ “100 күндүк” программанын маанилүүлүгүн жакшы түшүнөөрүн айтып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү баштаган сапаттуу реформалар Банктын жетекчилигин кубандырганын белгиледи. “Дүйнөлүк Банк калктын жашоосун жакшырта турган демилгелерди, долбоорлорду ар дайым колдойт”, - деди ал.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү