19

Сентябрь

2012

Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын бажы жана чек ара кызматтарынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 2012-жылдын 21-сентябрынан баштап Талас областындагы “Маймак” темир жол бекетинин ишин кайра жандандыруу жөнүндө келишимге жетишилди. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик бажы кызматы маалымдады. Мурда белгилүү болгондой, быйылкы жылдын август айынын башынан бери Казакстан Республикасы кыргыз-казак чек арасынын тогошунда жайгашкан “Маймак” темир жол бекети аркылуу товарларды ташууну токтоткон болчу. “Маймак” темир жол бекети темир жол аркылуу жүк  ташууларды ишке ашыра турган Талас областынын аймагындагы жалгыз темир жол түйүнү болуп эсептелет. Белгилеп кетчү нерсе, Казакстан тарап темир жол бекетинин ишин кайра жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү аякташына жигердүү көмөктөштү. Учурда Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын бажы кызматтары 2012-жылдын 21-сентябрында “Маймак” темир жол бекетинин ишин кайра жандандыруу боюнча биргелешкен чараларды көрүшүүдө.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык саясат бөлүмү