08
Февраль
Бүгүн, 7-февралда Кыргыз Республикасынын Биринчи-вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы Ыйгарым укук өкүлчүлүгүнүн коллегиясынын ишине катышты.
Коллегиянын жыйынында областтын жыл жыйынтыгы жана 2013-жылга болгон пландар талкууланды.
Жоомарт Оторбаев Өкмөт тарабынан экономиканы, анын ичинен айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу айтып берди.“Быйылкы жылы Өкмөт дыйкандарга жана фермерлерге берилүүчү насыянын куржунун эки эсе көбөйттү. Быйыл бул максатта жеңилдетилген шарт менен жылдыгы 10 пайыздык 4,5 млрд. сом бөлүнөт. Мындан тышкары, айыл чарба техникаларын жакшыртуу максатында 1 000 айыл чарба техникасын-тракторлорду, комбайндарды жана башка техникаларды лизингдик негизде дыйкандарга берүүнү пландаштыруудабыз. Мисалы, Нарын областынан 27 техника алуу тууралу заявка түшсө, азыркы учурда айрым дыйкандар анын 20 тракторун алышты”-, деди ал.
Коллегияда тиешелүү мамлекеттик чиновниктер областтын абалын, жетишкендиктер жана проблемалар жөнүндө кеңири сөз козгошту.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү