23

Май

2018

«Джи Эл Макмал Девелопинг» ЖЧКсынын жетекчилиги менен алтын өндүрүүчү фабриканын аймагында кырдаалды талкуулоо боюнча жолугушуу өттү

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов бүгүн, 22-майда, «Джи Эл Макмал Девелопинг» ЖЧКсынын жетекчилиги менен жолугушту. Жолугушуу учурунда тараптар 2018-жылдын 11-апрелинде Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылында «Джи Эл Макмал Девелопинг» ЖЧКсынын алтын өндүрүүчү фабрикасынын аймагында болгон өрттөө окуяларын талкуулашты. Компаниянын жетекчилигинин маалыматы боюнча, болжолдуу зыяндын суммасы 2,3 млн АКШ доллары Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов окуяны тергөөнүн жыйынтыктарын күтүп, башаламандыктардын уюштуруучуларын аныктоо зарылдыгын баса көрсөттү. «Жергиликтүү бийлик органдары жана укук коргоо органдары тоо кен иштетүү компаниялары менен жергиликтүү тургундардын ортосундагы карама-каршылыктардын алдын алуу үчүн чараларды көрүү менен иштөөсү маанилүү», - деди ал. Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чет элдик инвесторлорго жана тоо кен иштетүү тармагын өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди. «Чет элдик инвесторлор менен натыйжалуу кызматташуу биз үчүн принципиалдуу мааниге ээ. 11-апрелде болгон жагдайды тергөө маселеси менин жеке көзөмөлүмдө турат. Бул маселе боюнча бардык аракеттер тек гана мыйзамдын алкагында жүрүшү керектигин баса белгилейм», - деди вице-премьер-министр Кубатбек Боронов. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын өкүлдөрү мындан ары да Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартууга ниеттенишерин билдиришти

 

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

[su_carousel source="media: 117106,117105,117104,117103" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 116180,116181,116182,116183,116184,116185,116186,116187" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"]