06
Ноябрь
Жоомарт Оторбаев: «АӨБ Кыргыз Республикасы үчүн Кыргызстандын муктаждыктарына ыкчам жооп кайтаруучу маанилүү шерик болуп саналат”
Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев АӨБ президенти Такехико Накао жетекчилик кылган Азия Өнүктүрүү банкынын (АӨБ) делегациясы менен жолугушту
Өкмөт башы Кыргызстандагы АӨБ ишмердүүлүгүнө жогору баа берди жана республиканын негизги экономикалык тармактарын өнүктүрүү процессиндеги АӨБдүн үзгүлтүксүз колдоого алуусун баса белгиледи.
« Азия Өнүктүрүү банкы Кыргыз Республикасы үчүн Кыргызстандын муктаждыктарына ыкчам жооп кайтаруучу маанилүү шерик болуп саналат”, — деп билдирген Жоомарт Оторбаев активдүү кредиттик портфелдин 60% ашуун жогорулашын белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулады, алардын катарында өзгөчө көңүл энергетикалык тамактын көйгөйлөрүнө бурулду. Премьер – министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү каржылоо маселеси АӨБ тарабынан каралып жаткан “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо” долбоорунун ишке ашырылышына өзгөчө маани берет.
“Бизде аталган долбоордун ишке ашырылышына карата чоң үмүттөрүбүз бар, анын натыйжасында өлкөнүн энергетикалык мүмкүндүгү жогоруламакчы», — деп кошумчалады Жоомарт Оторбаев.
Өз кезегинде Такехико Накао билдиргендей, АӨБ Кыргызстанга инвестицияларды тартуу, реформаларды жүргүзүүнүн жана жеке сектордун энергетикалык тармагына колдоо көрсөтүү аркылуу көмөк көрсөтүүсүн улантат.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсү жана интеграциялык процесстер маселесин талкуулады. Премьер-министр билдиргендей, Өкмөт инвестициялык жагымдуу абалды түзүү боюнча ар-тараптуу чараларды кабыл алууда: экономиканын дээрлик бардык тармактарында реформалар жүргүзүлүүдө, инфраструктура түзүлүп, мыйзамдык база жакшыртылууда. Мында Жоомарт Оторбаев белгилегендей, «экономикалык көрсөткүчтөрдүн жакшырышына карабастан, Кыргызстан шерик мамлекеттердин экономикасынын төмөндөшү сыяктуу тышкы факторлордун таасиринен көзкаранды».
Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт тарабынан донорлорду тартуу боюнча активдүү иштер жүрүүдө. Тактап айтканда, өткөн жылы жалпы суммасы 5 млрд долларга барабар болгон келишимге кол коюлган, алар экономиканын маанилүү тармактарына, кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө багытталат.
Кыргыз Республикасынын евразиялык экономикалык бирикмеге интеграцияланышы маселесин талкуулоодо, Өкмөт башчы АӨБдүн Кыргызстандын бажы биримдигине кошулуусун талдоо боюнча техникалык көмөк көрсөтүүгө карата болгон ниетине жогорку баа берди жана АӨБ тараптан экономиканын алсыз тармактарын финансылык, консультациялык жана техникалык колдоого алынышына кызыкдар экендигин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар АӨБ аймактык кызматташууну колдоого алуу боюнча демилгесин маанилүү деп таап, Борборазиялык Аймактык Экономикалык Кызматташуу программасынын алкагындагы транспорт, соода, энергетика жана башка маанилүү тармактардагы аймактык кызматташууну алга жылдырууга жана көмөктөшүүгө багытталган жалпы кызыкчылык туудурган долбоорлордун натыйжалуулугун белгиледи. Мындай өз-ара аракеттешүү мисалы катарында КР жана АӨБ Кыргыз Республикасынын чекара боюндагы кызматтарын аймактык жакшыртуу боюнча жаңы биргелешкен долбоорун келтирсе болот, анын алкагында транспорттук коридорду өнүктүрүү колдоого алынып, Борборазиялык Аймактык Экономикалык Кызматташуу аймагында физикалык жана институционалдык тоскоолдуктарды кыскартуу жолу аркылуу сооданын өнүгүүсүнө шарт түзүү каралууда.
Эртең, 6-ноябрда, Бишкекте Борборазиялык Аймактык Экономикалык Кызматташуусунун министрлик жыйыны өтөт, анда аймакка караган өлкөлөрдүн экономикалык келечеги тууралуу маселелер каралмакчы.
[su_carousel source="media: 45182,45183,45184" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү