12

Ноябрь

2014

Жоомарт Оторбаев: «Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге кошулуусу тууралуу Келишим - өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ»

Бүгүн, 12-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз республикасынын Бажы биримдигине (ББ) жана Бирдиктүү экономикалык аймакка (БЭА) кошулуусу боюнча ведомство аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Күн тартибинде 2014-жылдын 29-майындагы Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге кошулуусу жөнүндө Келишим долбоорун талкуулоо боюнча маселелер, ошондой эле ББ жана БЭА алкагындагы нормативдик-укуктук актыларды өткөрүү процедуралары белгиленген.

Жыйындын ишин ачууда Премьер-министр Келишимдин ар-бир пунктун тыкыр карап чыгуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

“Бардык документтерди сапаттуу иштеп чыгуу зарыл. Биз Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдарына карама-каршылыктар келип чыгуусуна жол бербешибиз керек. Бардык процедуралар сакталып, тактап айтканда, Келишим долбоору кеңири коомдук талкууга алынышы керек», — деп белгиледи Өкмөт башчы.

Андан соң көрсөтүлгөн маселе боюнча КР экономика министри Темир Сариев баяндама жасады. Министр белгилегендей, 2014-жылдын 29-майындагы Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге кошулуусу жөнүндө Келишим долбоору республиканын улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен түзүлгөн.

“Келишим долбоорун талкуулоо үчүн иштиктүү топ түзүлгөн. Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Ишкерлер чөйрөсү жана бизнес-түзүм өкүлдөрү менен талкуулар өткөрүлгөн», — деп белгиледи Темир Сариев.

Өз кезегинде Премьер-министр Ж.Оторбаев белгилегендей, декабрь айынын соңуна карата ички мамлекеттик процедураларды жыйынтыктап, Келишимди Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кароосуна сунуштоо зарыл.

“Ар-бир жетекчи сунушталып жаткан документтин сапаты үчүн жеке жоопкерчилик көтөрөөрүн түшүнүүсү абзел», — деди Өкмөт башчы.

Ведомство аралык комиссиянын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик ведомстволор тараптан 2014-жылдын 29-майындагы Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге кошулуусу жөнүндө Келишим долбоорунун пункттарын тыкыр каралып чыгуусу тууралуу чечим кабыл алынды, андан соң долбоор коомдук кеңири талкуудан өтүүсү үчүн КР Өкмөттүн жана Экономика министрлигинин расмий веб-сайтына жайгаштырылат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү