Бүгүн, 24-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо тутумун өнүктүрүү концепциясы бекитилди.
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев белгилегендей, мындан 4 жыл мурда өлкөдөгү иштеп жаткан пенсиялык тутумду реформалоонун биринчи баскычы башталган.
“Учурда биз иштеп жаткан жарандардын төлөм суммасы жогору, ал эми пенсиясы төмөн болуп жаткан абалды байкоодобуз. Бул социалдык жактан теңсиздикке алып келет. Абалды өзгөртүү үчүн биз жакында пенсиялык төлөмдөрдү чогултууну Социалдык фонддон салык органдарынын карамагына өткөрүп бердик. Мындай чара чогултууларды башкарууну жакшыртып, пенсиялык чегерүүлөрдүн ставкасын кыскартууга мүмкүндүк берет», - деди ал.
Концепция жөнүндө Өкмөт мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев айтып берди, анын айтымында, пенсиялык камсыздоо тутуму ар дайым көйгөйлүү болуп келген.
«Сунушталып жаткан Концепция өзүнө бир катар багыттарды камтыйт, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төлөмдөрдүн жаңы тарифин киргизүү, бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган аял жана эркектердин пенсияга чыгуу жашын өзгөртүү маселеси бар. Мындан тышкары биз эмгек мигранттарынын пенсиялык чегеримин төлөөнү тутумдаштырабыз, өзгөчө салымы үчүн пенсиялар өзгөртүүлөргө туш болот», — деди Мухамметкалый Абулгазиев.
Жыйынтыгында Өкмөт башчы белгилегендей, пенсиялык тутум акыйкаттуулукка жана натыйжалуулукка негизделиши керек. Эгерде биз инерция менен иш алып барсак, анда биз эч кандай реформаларды өткөрө албайбыз»», – деди Жоомарт Оторбаев.
Талкуудан соң Кыргыз Республикасынын сунушталган Пенсиялык камсыздоо тутумун өнүктүрүү концепциясын сын-пикирлерди эске алуу менен жалпысынан жактыруу чечими кабыл алынды.
[su_carousel source="media: 46250,46251,46252,46253,46254" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү