31
Январь
2015
Жоомарт Оторбаев: «Торугарт» өткөрүү пунктунун күнү-түнү иштөө режими жүк ташуу агымынын жогорулашына алып келип, өлкө бюджетине кошумча түшүүлөрдү камсыздайт»
Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев «Торугарт» көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунун жана «Торугарт» чекара тозотунун иши менен таанышты.
Обьектилерди кыдыруу учурунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын (МБК) башчысы Адамкул Жунусов Премьер-министрге өткөрүү пункту чекара, бажы, транспорттук, медико-санитардык жана фитосанитардык көзөмөл жүргүзө тургандыгын маалымдады.
Ал кошумчалагандай, «Торугарт» көзөмөлдөө-өткөрүү пунктун Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына дал келтирүү боюнча иш-чараларды өткөрүү үчүн 13 млн 120 миң АКШ доллары керектелет.
Өз кезегинде Премьер-министр белгилегендей, өткөрүү пункту эл аралык макамга ээ болгондугу үчүн аны күнү-түнү иштөө режимине өткөрүү зарыл.
“Өткөрүү пунктунун күнү-түнү иштөө режими жүк ташуу агымынын жогорулашына алып келет жана өлкө бюджетине кошумча түшүүлөрдү камсыздайт. Жалпысынан алганда бул республиканын экономикасына оңдуу таасирин көрсөтөт», — деп белгиледи Жоомарт Оторбаев.
Кыдыруунун жыйынтыгында Премьер-министр МБК өткөрүү пунктунун ишин ЕАЭБ талаптарына ылайык келтирүү тапшырмасын берди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине “Торугарт” оор жүктөрдү көзөмөлдөө пунктунда дүң була инфраструктурасын жүргүзүү тапшырылды.
Мамлекеттик чекара кызматына жана МБК өткөрүү пунктун реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча чыгашалар сметасын түзүү жана «Торугарт» мамлекеттик ишканасын МБК балансына өткөрүү тапшырылды. Аталган тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Уюштуруу инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлгөн.
Андан соң Өкмөт башчы кыргыз-кытай чекарасындагы чекара тозотуна барды. [su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49735,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү