24
Июнь
Жолугушуунун астында Жоомарт Оторбаев белгилегендей, ар жыл сайын ШКУ аброю өсүүдө, ал эми уюмга мүчө-мамлекеттердин аракетине ылайык, кызматташуу маселе тармактары кеңейүүдө.
Ошондой эле Премьер-министр ШКУ Баш катчысын кечээ Бишкекте өткөн “ШКУ аймактарындагы экономикалык өнүгүүнүн заманбап чакырыктары” аттуу IX форумунун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады жана иш-чаранын жогорку деңгээлде өтүп, андагы катышуучулардын сапаттык курамы мыктылыгын жана эксперттер тарабынан сунушталган иликтөөлөрдүн актуалдуулугун жана тереңдигин белгиледи.
«Кыргызстан – ШКУнун чок ортосунда жайгашкан жана Уюмга мүчө-мамлекеттер менен гана чектешкен өзгөчө мамлекет. Кыргызстан ШКУну өнүктүрүүнүн фундаменталдуу тарапкери болуп саналат, өзгөчө, соода-экономикалык кызматташуунун күч алуусуна кызыкдар. Учурда КР ШКУ мамлекеттери менен көлөмдүү товар жүгүртүүгө ээ”, - деди Жоомарт Оторбаев.
Маектешүү учурунда Өкмөт башчы белгилегендей, КР ШКУ Өнүктүрүү фондун жана Өнүктүрүү банкын түзүү маселеси үстүндө иштөөгө, ошондой эле ШКУнун 2025-жылга дейре Бирдиктүү өнүгүү стратегиясын башка шериктер менен биргеликте иштеп чыгууга даяр. Ж.Оторбаев кошумчалагандай, учурда кыргыз тарап Дүйшөмбү шаарында 2014-жылдын 11-12-сентябрына пландаштырылып жаткан ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын кезектеги жыйынын өткөрүүгө даярдык көрүүдө.
Өз кезегинде Дмитрий Мезенцев билдиргендей, КР ар-дайым ШКУ долбоорлоруна ырааттуу колдоо көрсөтүү менен катар анын процесстеринин активдүү катышуучусу жана ишенимдүү шериги болуп келген.
ШКУ Башкы катчысы Премьер-министрге 2015-жылга карата ШКУ бюджетинин түзүлүшү жана аны бекитүү процесси жана учурдагы жана келечекте пландаштырылып жаткан иш-чаралар туурасында маалымат берди.
Тараптар транспорттук коридорлордун санын жогорулатуу маселесин, анын ичинде эл аралык автоунаа ташуулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү тууралуу келишим алкагындагы маселелерди талкуулады.
Жолугушуу соңунда тараптар көп тараптуу экономикалык алака жүргүзүү долбоорлору жана ШКУ мамлекеттеринин аймактары аралык кызматташуу, ошондой эле аймактык программалардын үстүндөгү ишти активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
КР Өкмөттүк Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү