21

Октябрь

2014

Жоомарт Оторбаев: «Кыргызстан 2015-жылдын январь айынан тарта Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү болууну пландаштырууда»

Бүгүн, 21-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргызстанга расмий сапары менен келген Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Федералдык кеңешинин төрагасы Валентина Матвиенко менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар энергетика, экономика, миграция жана аскер-техникалык, маданий-гуманитардык өз-ара аракеттешүү жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулады. Өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине, Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке жана Бирдиктүү экономикалык биримдикке кошулуу процессине бурулду. Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы Валентина Матвиенкону Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Федералдык кеңешинин төрагалык кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктады жана акыркы кездери Федерация кеңешинин жана анын төрагасынын ролу күчтөнүп жаткандыгын белгиледи. “Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы ортосундагы кызматташуунун бардык деңгээлиндеги активдүү саясый диалог кыргыз-россия өз-ара аракеттешүүсүнүн келечектүү тармактары, тактап айтканда, экономикалык кызматташуу боюнча бышып жетилген актуалдуу маселелердин чечилишине шарт түзөт», — деди өз сөзүндө Жоомарт Оторбаев. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри белгилегендей, Кыргызстан жана Россиянын өз-ара аракеттешүүсү стратегиялык шериктештик мүнөзгө ээ жана Россия, бул өңүттөн алып караганда, Кыргызстандын негизги экономикалык шериги болуп саналат. Өз кезегинде Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Федералдык кеңешинин төрагасы маалымдагандай, Кыргызстандын финансылык түзүмүнүн абалын чыңдоо үчүн быйылкы жылы 60 млн доллар бөлүнгөн, ошондой эле 30 млн доллар бөлүү тууралуу Россия өкмөтүнүн токтому даярдалууда. Евразиялык интеграция маселесин талкуулоодо, Жоомарт Оторбаев маалымдагандай, 2015-жылдын январь айынан тарта Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү болууну пландаштырууда. “Биз Бажы биримдигине жана Бирдиктүү Экономикалык Аймакка кирүү боюнча Жол картасы боюнча биздин милдеттенмелерди толугу менен аткарууга ниеттенүүдөбүз. Натыйжада, биз быйылкы жылы Евразиялык интеграциялык биригүүгө тийиштүү формалдык кадамдарды жыйынтыктоо менен бирге, Бирдиктүү экономикалык биримдикке бардык милдеттенмелерди алуу менен кошулуу тууралуу келишимди даярдоодобуз. Дал ушул экономикалык интеграция биздин өлкөгө экономикалык жактан ийгиликтүү өнүгүүгө мүмкүндүк түзөт», — деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри.   Валентина Матвиенко билдиргендей, Россия Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча Жол картасында каралган иш-чараларды каржылоо үчүн эки жыл ичинде кайтарымсыз негизде 200 млн доллар бөлөт. Тараптар ошондой эле Кыргызстандын экономикасын бажы биримдиги шартына калыптандыруу максатында ар-кыл тармактарды модернизациялоо үчүн каражаты багытталчу Кыргыз-Россиялык өнүктүрүү Фондунун ишмердүүлүгүн өнүктүрүү маселесин козгоду. “Биздин мамилелер элдердин достугуна жана өз-ара сыйына негизделген, аларды өч нерсе камтама кылбайт жана алар сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрүлгөн. Учурда биздин жарандар үчүн эң маанилүү нерсе – интеграциялык процесстерге катышуу. Россия бул багыттагы Кыргызстандын умтулуусун жигердүү колдоого алат», — деп кошумчалады В.Матвиенко.

[su_carousel source="media: 44105,44106,44107,44108,44109,44110" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү