31

Октябрь

2014

Жоомарт Оторбаев: «Кыргызстан - инвестициялар үчүн, өзгөчө Евразия экономикалык бирлигине кирүү алкагында, келечектүү аянтча катары саналат»

Бүгүн, 31-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев «Korea EximBank» аткаруучу директору (Корея Республикасы) Им Сонг Хег менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Корея Республикасы менен кызматташуусунун динамикалуу өнүгүүсүн белгиледи, ага 2013-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Кореяга болгон иш сапарынын жүрүшүндө дем берилген.

Өкмөт башчы белгилегендей, өлкө экономикасына Кореядан жеке түз инвестицияларды тартууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар.

“Кыргызстан - инвестициялар үчүн, өзгөчө, Кыргызстан Евразия экономикалык бирлигине кирүү алкагында, продукция өндүрүшүнүн өздүк наркы төмөн шартта товарларды өндүрүү рыногу кескин жогорулаган учурда келечектүү аянтча катары саналат», — деп кошумчалады Жоомарт Оторбаев.

Өз кезегинде «Korea EximBank» аткаруучу директору Им Сонг Хег баса белгилегендей, корей тарап Кыргызстан экономикасына, анын ичинде финансы, банк жана маалыматтык технологиялар тармагына инвестициялоого карата өзгөчө кызыгуусун билдирет. Тактап айтканда, республикада учурда социалдык инфраструктура обьектилерин куруу боюнча долбоорлор ишке ашырылууда.

Премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекет аралык инвестициялык долбоорлорго колдоо көрсөтүүгө даяр.