14
Ноябрь
Жоомарт Оторбаев: «Кыргызстан өлкөнүн интеграциялык бирикмелерге кошулуу алкагындагы милдеттенмелерин ишке ашырууда жогорку темпти алды»
Бүгүн, 14-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) техникалык жөнгө салуу жана соода маселеси боюнча коллегия мүчөлөрү Валерия Корешкованы жана Андрей Слепневду кабыл алды.
Өкмөт башчы коллегия мүчөлөрүн өлкөнүн интеграциялык бирикмелерге кошулуусу алкагында көрсөтүлүп жаткан методикалык жана консультациялык көмөк көрсөтүүсүнө ыраазычылык билдирди.
“ЕЭК чоң иштерди аткарды. Сиздердин адистер тарабынан министрлик жана ведомство кызматкерлерин окутуу үчүн баалуу жардам көрсөтүлдү. Кыргызстан өлкөнүн Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуу алкагындагы милдеттенмелерин ишке ашырууда жогорку темпти алды», — деп билдирди Премьер-министр.
Өз кезегинде коллегия мүчөлөрү КР Бажы биримдигине кирүү процессинин оңдуу динамикасын жана ырааттуу жүрүп жаткандыгын белгиледи.
Андан соң Өкмөт башчы коллегия мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан республиканын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу жөнүндө Келишим долбоору иштелип чыккандыгын, учурда ал макулдашуу процессинен өтүп жаткандыгын маалымдады.
Мындан тышкары, Россия жана Казакстан тарабынан бажы постторун жабдуу жана тийиштүү тартипке келтирүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү экономикалык аймакка тоскоолдуксуз кирүүсү үчүн тийиштүү мыйзамдарды жана нормативдик-укуктук актыларды кабыл алуу максатында бөлүнгөн каражаттарды өздөштүрүү үчүн аянтчаны түзүү маселеси талкууланды.
[su_carousel source="media: 45608,45609,45610,45611,45612" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү