19

Декабрь

2014

Жоомарт Оторбаев: «Бизнес-коомчулуктун пикири Өкмөттүн саясатын уюштурууда негизги аныктоочу фактор болуп саналат»

Бүгүн, 18-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин VI кеңешмеси болуп өттү.

Жыйынды ачууда, Өкмөт башчы белгилегендей, аймактык жана дүйнөлүк экономиканын өнүгүү темпинин кескин начарлашына жана бир катар ички каатчылыкка карабастан, Кыргызстан туруктуулугун сактап, кагылышуулардан алыс болууга мүмкүндүгү болду. «Өлкө туура өнүгүү багытында кетүүдө. Мында негизги орун – жарандык коом локомотиви эсептелген бизнеске тийиштүү. Бизнес-коомчулуктун пикири Өкмөттүн саясатын уюштурууда негизги аныктоочу фактор болуп саналат», — деп белгиледи Жоомарт Оторбаев.

Премьер-министр билдиргендей, өлкөдө болуп жаткан каатчылыктар реформалар үчүн шарт түздү жана Өкмөт аны аттап өтүү үчүн чечкиндүү кадамдарды жасады.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңеш катчылыгынын жетекчиси Таалайбек Койчуманов жыйын катышуучуларына Кеңештин 2014-жыл үчүн ишмердүүлүк натыйжасы тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, жалпы кеңеш жыйындары учурунда 15 көйгөйлүү маселе демилгеленген. Ал эми анын чечимдеринин аткарылышына тийиштүү маалымдалгандай, 31 сунуштаманын 24ү аткарылып, беш иш-чара учурда аткаруу алдында турат.

Т.Койчуманов кошумчалагандай, 2014-жылы бизнес–ассоциациялар саны 41 дейре жеткен.

Кеңештин күн тартибине ылайык, бизнес-ассоциациялардын демилгелери угулду. Өз баяндамалары менен Соода-өнөр жай палатасынын жана Эл аралык ишкерлер кеңешинин бизнес-ассоциация өкүлдөрү сөз сүйлөштү.

Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсы ишкердүүлүк субьектилерин текшерүү процедураларына тутумдук реформаларды киргизүү зарылдыгы тууралуу маселени көтөрдү. Улуттук альянс катчылыгынын жетекчиси Улукбек Кыдырбаевдин айтымында, бизнес-коомчулук пландан тышкаркы текшерүүлөрдүн көбөйүп жаткандыгын белгиледи, алар текшерилип жаткан жактардын кемчилигин жоюуга эмес, белгилүү акчалай төлөтүүлөрдү өндүрүүгө, айрым учурда акчалай сыйлык алууга багытталат. Өз кезегинде Премьер-министр Жоомарт Оторбаев белгилегендей, акыркы жылдары текшерүүлөр саны жогорулап, ошол эле учурда рейддик текшерүүлөрдүн натыйжалуулугу эки эсеге төмөндөгөн. «Бюджеттик түшүүлөр төмөндөөдө. Биз текшерүүлөрдүн санын кыскартууга жетише албай жатабыз. Буга тутумдуу киришүү керек, анткени, ишкерлер ага маани берип келүүдө», — деп эсептейт Өкмөт башчы.

Буга байланыштуу Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсы мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын жана бизнес-коомчулуктун катышуусунда тутумдуу реформаны өткөрүү максатында 2015-жылы пландан тышкаркы текшерүүлөрдүн белгилүү тизмесине чектөөлөрдү киргизүү демилгеси менен чыкты.

Жоомарт Оторбаев бизнес-коомчулук өкүлдөрүнө коррупция фактыларын ачыктоого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды. «Сиздердин жардамыңыздарсыз биз коррупцияны жеңе албайбыз”— деди ал.

Кыргызстандын Соода–өнөр жай палатасы тармактык мыйзамдарды КР лицензиялык уруксаат берүү тутуму жөнүндө мыйзамга дал келтирүү тууралуу маселени көтөрдү. Жыл өткөн соң айрым мамлекеттик органдар тарабынан аталган иш ушу кезге дейре жүргүзүлгөн эмес. Мындан тышкары, лицензиялык уруксаат берүү тутумун реформалоо процесси атайы тоскоолдукка кабылууда жана лицензиялык уруксаат берүү тутуму тууралуу кабыл алынган Мыйзам талаптарына кайчы келген жаңы мыйзам долбоорлору киргизилүүдө.

Эл аралык ишкерлер кеңеши жер казнасын пайдалануу укугуна карата лицензияларды кармоо үчүн төлөмдөрдү эсептөө тартибин өзгөртүү тууралуу маселени демилгеледи.

Ошондой эле “Ишкердүүлүк обьектилерин электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана электр энергиясын пайдалануу боюнча жаңы тарифтерди орнотуу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасындагы сүрөмөлөө ишмердүүлүгү жөнүндө” маселелер каралган.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга сунуштамасы менен Кеңештин чечими кабыл алынды.

Маалымдама: КР Өкмөтүнө караштуу Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңеш 2010-жылдын 5-августунда Кыргыз Республикасынын бизнес-коомчулугунун демилгеси боюнча негизделген. Негизги милдети — бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык абалды жакшыртуу маселеси боюнча мамлекет жана бизнес аралык натыйжалуу баарлашууну камсыздоо.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү