Бүгүн, 15-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев JashtarCamp2014 жаштар форумунун катышуучулары менен расмий эмес жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга 500 ашуун жарандык активисттер, студенттер жана мектеп окуучулары катышты.
Өз сөзүндө Жоомарт Оторбаев өткөрүлүп жаткан жыйындын, ошондой эле жаштардын өлкөнү өнүктүрүүгө карата катышуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.
“Залда демилгелүү жаштардын өзгөчө духу сезилүүдө. Жаштар чечимдерди кабыл алууга активдүү катышуусу керек. Он жылдан соң сиздер мамлекетти башкарууга катыша баштайсыздар. Өлкөнүн келечеги сиздердин колуңуздарда. Биз жаштар өлкөдөн тышка чыгып кетпеши үчүн шарттарды түзүүбүз керек. Эң ириде биз жалпы жаштарды иш орундары менен камсыздообуз керек», — деди Премьер-министр жыйындын катышуучуларына кайрылып.
“Биз өлкөнү куруу жана аны мындан ары карай өнүктүрүү үчүн жаңы идеяларга, заманбап чечимдерге, ачылыштарга муктажбыз. Кыргызстандыктар демократиялык өлкөдө жашоону тандап алды. Демократиялык институттарды куруу кыйынчылыктар менен коштолот, бирок жалпыбыздын аракетибизге жараша ийгиликтерге жетишүүгө мүмкүндүктөр түзүлүүдө. Бүгүнкү күндө көптөгөн нерселер өлкө жарандарынын иш-аракетинен көзкаранды. Ал эми мамлекеттин милдети – коопсуз жашоону камсыздоодо турат. Биз, келечек муундун жакшы билим алуусуна, жарандар сапаттуу медициналык тейлөөгө жеткиликтүүлүктү болуусуна, ал эми милиция тартипти камсыздап туруусуна жетишүүбүз керек», — деп кошумчалады Жоомарт Оторбаев.
«Кыргызстан – кичине мамлекет, бирок мындай мамлекетте тез өнүгүүгө жетишүү мүмкүн. Өлкөдө көптөгөн мүмкүндүктөр бар. Дүйнөнүн мыкты университеттеринде (Гарвард, Оксфорд, Кембридж) студенттер бир нерсеге: сатып алып, кайра сатууга үйрөнөт. Биздин мекендештер ага үйрөнбөстөн туруп, Борбор Азиядагы мыкты соода бизнесмендери болууга жетишти. Дүйнөдө соода көлөмү ИДП ашкан 5 гана мамлекет бар, алардын катарына Кыргызстан да кирет, ал эми алардын арасында Кыргызстан гана деңизге карай чыгуучу жолго ээ эмес. Бизде инфраструктура начар, ошол эле убакта биздин эл соода менен ийгиликтүү алпурушуп жаткандыгы - жетишкендик», — деп улантты Жоомарт Оторбаев.
Андан соң Премьер-министр жаштардын Бажы биримдигине кирген соң өлкөнүн тагдыры кандай болоорлугу, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, жаштар саясаты тууралуу суроолоруна жооп кайтарды.
“Кыргызстан кошулуу чечимин кабыл алган интеграциялык бирикмелер саясый эмес, экономикалык биримдик болуп саналат. Ички саясатта өзүбүз каалагандай иш алып барабыз. Интеграциялык бирикмелерге кошулуудагы негизги тобокелчилик катары баалардын жогорулашы эсептелет», — деди Жоомарт Оторбаев, суроолорго жооп берүүдө.
«Эгерде коңшу мамлекеттерде көйгөйлөр орун алса, алар бизге да өз таасирин тийгизет. Акыркы 4 айда рубль - 42% га, ал эми сом 12% га төмөндөдү. Сом өзүнүн бекемдигин көрсөткөнү менен 12% төмөндөөнүн натыйжасында баалар өзгөрүүгө дуушар болду. Бул биздин экономиканын ачыктыгынын натыйжасы. Жагымсыз чакырууларды талдоодо бир катар өлкөлөр менен салыштырмалуу тенденцияларды кароо керек. Биздин өлкө 4% өсүш менен туруктуулукту көрсөтүүдө, ал эми негизги шериктеш мамлекеттерде бул катнаш нөлгө барабар”, — деп белгиледи Өкмөт башчы инфляция тууралуу берилген суроого жооп берүүдө.
Жаштардын саясатка катышуусу боюнча суроого жооп берүүдө Жоомарт Оторбаев аларды саясатка активдүү тартуу зарылдыгын белгиледи: «Саясат – бул мамлекеттин жашоосуна зор таасир тийгизген тармак болуп саналат. Сиздер натыйжалуу саясатчылар үчүн добуш берүүңүздөр, ал эми начар иштегендерин кайрадан шайлооңуздар керек. Жаштар шайлоо процессине начар катышат, ошондуктан бизди көбүнэсе консервативдүү маанайдагы жарандар шайлайт. Саясатка көбүрөөк кошулуу керек. Саясат – бул дагы чыгармачылык. Кимде күчтүү дем бар болсо, анда саясатка кошулуусу керек, болбосо, бийликте өз ордун таппаган адамдарга ээ болобуз».
Жолугушуу бир саатка жакын убакытка созулду. Жаштар менен жолугушуу алдында Премьер-министр Кыргызстан жаш ойлоп табуучулары жана окумуштууларынын көргөзмөсүнө катышты, анда жаштардын экология, техника, архитектура, медицина жаатындагы 40 ашуун инновациялык эмгектери коюлган. Мындан тышкары Премьер жыйын катышуучулары менен биргелешип сүрөткө түшүү аземине катышты.
[su_carousel source="media: 45658,45657,45655,45654,45653,45652,45651,45650" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү