29

Ноябрь

2012

Бугүн, 29-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи -вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев коммерциялык банктар, банктык эмес  каржы-насыя уюмдар менен заемщиктердин, күрөө коючулардын ортосундагы маселени тескөө боюнча сыртта өткөн комиссиянын жыйынына катышты.

Жыйынды ачып жатып Жоомарт Отрбаев комиссиянын  негизги  максаты болуп  2010-жылдагы апрель, июнь окуяларында материалдык жактан жабыркаган заемщиктер менен банктардын, каржы-насыя мекемелердин ортосундагы талаш маселелерге жардам көрсөтүү экендигин айтты. “Комиссиянын  иштөө убагында биз заемщиктер менен банктардын ортосундагы  көпчүлүк талаш маселелерди чече алдык. Учурда комиссиянын кароосунда 18 заемщиктин иши калды, булардын насыяларынын жалпы суммасы 4,1 млн. сом. Ал эми жыл башында бардык проблемалуу насыялардын суммасы 1 млрд. сом эле. Банктар, микронасыялык жана микрокаржылык уюмдар  Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы менен биргеликте жалпы карыздарды жабуу боюнча чоң иштерди жасашты ”- деп айтты.

Мамлекетибиздеги эң ири  микронасыялык уюмдардын  жетекчилери катышкан комиссиянын  ишинде азыркы учурда алардын насыя портфели 18,1 млрд. сомду түзүп, кардарларынын саны 472,5 миң адамга жеткени белгиленди.Микронасыялык компаниялар өз иштеринде өзүмдүк жана сырткы заем каражаттарына  таянышат, ал эми калктын депозитке берүүчү ресурсу анча деле чоң эмес. Айрым мыйзамдардын чектөөлөрүнөн улам учурда микронасыялык компаниялардын депозиттик базасы 85,7 млн. гана сомду түзөт.

Микронасыялык уюмдардын жетекчилеринин суроолоруна жооп берип жатып, Ж.Оторбаев аларды мамлекет жана жарандык коом менен активдүү кызматташууга чакырды. ”Микронасыялык компаниялардын абройун көтөрүү  максатында биз көп иштерди кылышыбыз зарыл. Коомдо андай компаниялар тууралуу терс пикирлер пайда болгону бизге жашыруун эмес. Биз насыя-каржы тутумун жок кылбастан  өнүктүрүүбүз керек”-деди өз сөзүндө Ж. Оторбаев.

Ошондой эле жолугушуу учурунда Биринчи-вице-премьер-министр микронасыялык компаниялардын жетекчилерине кардарлардын арасында насыя алуунун жолдорун түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн биргелешкен долбоорду жасоого чакырды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык саясат бөлүмү