30

Июль

2014

Бүгүн, 30-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Google Inc. корпорациясынын делегациясын кабыл алды, аны «Google Украина» мамлекеттик бийлик органдары менен өз-ара аракеттешүү маселеси боюнча директору Олег Якимчук жетектеген.

Жолугушуунун жүрүшүндө компания кызматкерлери Премьер-министрге «Кыргыз Республикасындагы Street View» инновациялык долбоорун тартуулашкан. Анда өлкөнүн кооз жерлери Интернет тармагында обьектилерди картага түшүрүү жана 360 градустук обзор менен 3D-сүрөттөрдү жайгаштыруу максаты коюлууда.

Жолугушуунун башында Жоомарт Оторбаев белгилегендей, долбоорду ишке киргизүү өлкөгө кошумча кызыгууну пайда кылып, туристтерди тартууга жардам берет.

«Биз өлкөнү туристтер үчүн ачык деп жарыялайбыз. Туризм экономиканы өнүктүрүүдөгү стратегиялык багыт болуп саналат. Жылына Кыргызстанга 3 млн жакын адам келет. Туристтердин саны 2 жыл мурда 44 мамлекет үчүн визаны алып салган соң көбөйгөн. ”Street View” – бул өлкө маркетингинин кубаттуу аспабы болуп саналат. Биз Google компаниясынын өлкөнүн туристтик жагымдуулугун жакшыртуудагы долбоорун ийгиликтүү ишке ашырууга көмөктөшөбүз», — деди Жоомарт Оторбаев.

Жолугушунун жүрүшүндө биргелешкен долбоорду тез арада ишке киргизүү боюнча макулдашууга жетишилди, аны КР тараптан Маданият, маалымат жана туризм министрлиги координациялайт. Премьер-министр ошондой эле долбоорго киргизиле турган жерлердин тизмегин кеңейтүүнү тапшырды.

Өз кезегинде Google кызматкерлери бул сыяктуу долбоорлор дүйнөнүн 56 мамлекетинде ишке ашырылгандыгын белгилешти, ал эми КМШ аймагында болгону Россияда жана Украинанын бөлүктөрүндө ишке ашырылган.

«Street View” долбоору ” – бул дүйнөгө терезе. Кыргызстан тууралу көптөр уккан болсо да, көзү менен көргөндөр аз. Долбоор өлкөнүн укмуштай жерлерин көрүп, анын турмуш-тиричилиги, жаратылышы жана кооз жерлери менен таанышууга мүмкүндүк түзөт», — деди Олег Якимчук.

Анын айтымында, өлкөнүн көптөгөн жарандары демилгени колдоого алып, өздөрү картада белгилеп жана аймакты сүрөткө тартууну жүргүзө алышат. «Долбоор ишке ашырылган көптөгөн мамлекеттерде жарандык активисттер ага кошулуп, картага белгилүү жана белгисиз аймактарды кошууга салымын тийгизген. Картографтар, фотографтар, туроператорлор кийинчирээк демилге көтөрүп, ар-кыл маршруттарды сунушташат, өз кезегинде бул туристтик агымды көбөйтөт», — деп кошумчалады Олег Якимчук.

Андан соң тараптар башка долбоорлорду киргизүү мүмкүндүгүн талкуулады, анын ичинде атайы фильтрлерди түзүү жана ата-энелерди, мугалимдерди “ак ниетсиз Интернеттен”, анын ичинде кыргыз тилиндеги маалыматтар камтылган тармактан келчү коркунуч тууралуу кеңири маалымдоо аркылуу балдардын Тармактагы коопсуздугун камсыздоо боюнча сөз жүрдү.

Орто мөөнөттүү келечекте иштин натыйжалуулугун арттыруу максатында студенттер, кичи жана орто бизнес өкүлдөрү жана мамкызматкерлер үчүн санариптик сабаттуулук боюнча долбоорду ишке ашыруу пландаштырылууда.

Жоомарт Оторбаев компания кызматкерлерине кызматташуу боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыккандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Кыргыз тили акырындык менен Google тилине айланууда, бул ишти ар-кыл долбоорлор алкагында, анын ичинде тармактагы балдар коопсуздугу боюнча улантуу зарыл. Ал эми санариптик сабаттуулук боюнча, ал өзгөчө электрондук өкмөт киргизүү шартында абдан маанилүү болуп саналат. Биз алгачкы долбоор ишке ашырылган соң, ийгиликтүү продуктулар тизмегин түзө алабыз деп ишенем», — деп жыйынтыктады Жоомарт Оторбаев.

Маалымдама:

“Көчөлөрдү кароо” (Google Street View) сервиси 2,5 м бийиктиктен көптөгөн шаар көчөлөрүн көрүүгө мүмкүндүк берет, ага ылайык дүйнөнүн булуң-бурчуна виртуалдуу сейил курууга болот. Көчөлөрдү кароо дүйнөнүн 56 өлкөсүндө ишке ашырылат.

Googlдун панорамалык сүрөттөрү 360 градустук атайы камералардын жардамы менен алынат, алар унааларга, велосипед катер жана кар үстүндө жүрүчү техникага орнотулат. Натыйжада чоң 3D-фотожыйнак алынып, шаардын так үлгүсү алынат.

[su_youtube url="https://www.youtube.com/watch?v=V882vU8kL5s" width="360" height="620"]