30

Октябрь

2014

Жоомарт Оторбаев:«Биз ЭВФ менен, биринчи кезекте, билим жана мыкты тажрыйбаларды берүүчү институт катары иш алып баргыбыз келет»

Бүгүн, 29-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Эл аралык валюталык фонд (ЭВФ) Миссиясынын жетекчиси Эдвард Гемайелди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар келечектеги кызматташуу механизмдерин жана Кыргызстандын ЭВФтин жаңы программасына катышуу мүмкүндүгүн талкуулады. “Биз тең укуктуу шериктештикке негизделген кызматташуунун жаңы форматына өтүүбүз зарыл. Биз ЭВФ менен, биринчи кезекте, билимди жана мыкты тажрыйбаларды берүүчү институт катары иш алып баргыбыз келет»,- деп белгиледи ЖоомартОторбаев.   Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт тарабынан мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоо боюнча Жол картасы иштелип чыккан жана бекитилген, ал Кыргызстандын ЭВФ программасына катышуусуна негиз болуп бере алат. Өкмөт башчы белгилегендей, жаңы программа Кыргызстан менен ар-кыл көрсөткүчтөр боюнча окшош мамлекеттердин тажрыйбасын эске алуу менен республикага техникалык көмөк көрсөтүү, түзүмдүк реформалар, коррупцияга каршы күрөшүү маселелерине түздөн-түз багытталышы керек. ЭВФ Миссиясы биргелешкен программаны даярдап чыгуу боюнча ишин улантат жана 29-октябрдан 11-ноябрга дейре мамлекеттик башкаруу, коррупцияга каршы туруу, финансылык рынокту өнүктүрүү жана өлкөдөгү инвестициялык абалды жакшыртуу жаатында жаңы программаны уюштуруу үчүн өз пайдасын тийгизүүчү чараларды кеңири талкуулоо боюнча тийиштүү мамлекеттик орган жетекчилери менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

[su_carousel source="media: 44665,44666,44667,44668" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү