10
Октябрь
Бүгүн, 10-октябрда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев япондук GRM (Global Resource Management), Cuon, Synform, One and Only сыяктуу ири IT-компанияларынын башчылары менен жолугушту.
Кыргызстан жогорку технологиялар паркына мүчө болуу кездешүүгө катышкан япониялык программалык продуктыларды иштеп чыгаруучу компаниялардын негизги максаты болду.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Жоомарт Оторбаев чет өлкөлүк инвесторлордун иштешине шарт түзүп берүү жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү турмушка ашырып жаткан чаралар жөнүндө япон ишкерлерине маалымдады.
Тактап айтканда, программалык камсыздоо тармагын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү атайын экономикалык аймак болуп саналган жогорку технологиялар паркынын Кыргызстанда ийгиликтүү иштеп жатканын белгиледи. Бийик технологиялар паркынын катышуучуларына салык жеңилдиктери жана башка артыкчылыктар берилген.
“Учурда биздин мамлекетте япон бизнеси аз иш алып барат. Биздин рынокко япон компанияларынын кирүүсү боюнча активдүү иш-чараларды баштоого сиздерди чакырабыз. Бизде тиешелүү сапаттуу билими бар мыкты адистер бар. Алар ири эл аралык компаниялар менен иштешүүгө чамасы жетет. Өткөн жылдын февраль айындагы Президент Алмазбек Атамбаевдин Японияга болгон иш-сапары учурунда Япониянын Премьер-министри коммуникация тармагындагы кызматташуу артыкчылык багыт экендигин белгилеген. Ошондуктан биз япон ишканалары менен ийгиликтүү кызматташтарыбызга ишенебиз», — деди Жоомарт Оторбаев.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү