01

Ноябрь

2014

Жоомарт Оторбаев: «Биз Араб координациялык тобунун институттары менен тажрыйба-билим алмашууга, техникалык кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарбыз»

Бүгүн, 1-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Алматыдагы Ислам өнүктүрүү банкынын аймактык өкүлчүлүк директору Хишам Маруф жетекчилик кылган Араб координациялык тобунун (АКТ) делегациясын кабыл алды.

Премьер-министр кыргыз тараптын Араб координациялык тобунун курамына кирген институттар менен динамикалуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Эскертсек, 31-октябрда Бишкекте АКТ II-инвестициялык форумунун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлуп, анын алкагында ИӨБ жана араб өнүктүрүү фонддору КР Өкмөтү тарабынан сунушталган энергетика, транспорт жана коммуникация, саламаттык сактоо жана билим берүү, айыл чарба жана мелиорация жаатындагы 1 млрд 131 млн доллар суммасындагы инвестициялык долбоорлорду иликтемекчи.

Өкмөт башчы белгилегендей, сунушталган долбоорлор келечектүү болуп саналат жана 2013- 2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнүн улуттук стратегиясына киргизилген.

“Кыргызстан өнүгүүнүн өткөөл мезгилин башынан кечирүүдө жана биз Араб координациялык тобунун колдоосуна кызыкдарбыз. Кыргызстандын Евразиялык Экономиалык Бирлигине кирүү алкагында республика жагымдуу инвестициялык аянтка айланууда, аны менен катар соода-экономикалык, финансылык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы байланыштарды кеңейтүү келечеги бар», - деди Жоомарт Оторбаев.

Премьер-министр белгилегендей, бардык долбоорлор тенденцияны эске алуу менен Кыргызстан экономикасынын шарттарына ыңгайлаштырылышы тийиш.

“Биз Араб координациялык тобунун институттары менен тажрыйба-билим алмашууга, техникалык кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарбыз”,- деп кошумчалады Жоомарт Оторбаев.

Өз кезегинде Алматыдагы Ислам өнүктүрүү банкынын аймактык өкүлчүлүк директору Хишам Маруф маалымдагандай, АКТ бир катар долбоорлорду тандап алды, анын алкагында аларды ишке ашыруунун механизмдери иштелип чыгат.

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү