21

Ноябрь

2014

Жоомарт Оторбаев: «Жогорку экономикалык кеңештин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык аймагына кошулуусу тууралуу маселени кароону сунуштайбыз"

Бүгүн, 21-ноябрда, Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын алкагында Россия, Белоруссия, Казакстан жана Армения өлкө башчыларынын деңгээлинде көп тараптуу жолугушуу өттү, ага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев да катышты.

Жолугушуунун негизги максаты болуп, евразиялык аймактагы интеграциялык процесстерди алга жылдыруу боюнча пикир алмашуу эсептелди.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев республиканын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуу процессинин оңдуу динамикасын белгиледи.

«Учурда өлкөнүн интеграциялык биримдикке кошулуусунун алкагындагы милдеттенмелерди аткаруу боюнча жигердүү иш жүрүүдө, Евразия экономикалык биримдигине кирүү – Кыргызстан Өкмөтүнүн ишиндеги келечектүү милдеттердин бири»,- деп билдирди КР Өкмөт башчысы.

“Жол картасында” каралган бардык иш-чаралар график боюнча аткарылууда. Үстүбүздөгү жылдын 23-декабрына пландаштырылып жаткан мамлекет башчылар деңгээлиндеги Жогорку экономикалык кеңештин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык аймагына кошулуусу жөнүндө маселени кароону сунуштайбыз», — деп маалымдады Жоомарт Оторбаев өз кесиптештерине.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө белгиленгендей, Кыргыз Республикасы тарабынан өлкөнүн Евразиялык экономикалык бирлик жөнүндө келишимге кошулуусу жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишим долбоору иштелип чыккан, ал 19-ноябрда ББ жана БЭА катышуучу өлкөлөрдүн макулдашуусунан өтүүсү үчүн Евразиялык экономикалык комиссиясына жөнөтүлгөн.

[su_carousel source="media: 46118,46117,46116,46115,46113,46119,46120,46121,46122,46123" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү