25

Ноябрь

2013

Бүгүн, 24-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Борбордук жана Батыш Азия Департаментинин мүдүрү Клаус Герхаузер менен жана Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Риа Хираока менен жолугушту.

 Жолугушууну ачып жатып, Жоомарт Оторбаев Кыргызстан мамлекеттин инвестициялык абалын жакшыртуу үчүн иштеп жаткандыгын айтты. “Биз зарыл болгон иш-кагаздарынын санын сегизден экиге кыскартуу менен, экспорттоо-импорттоо процессин жөнөкөйлөштүрдүк. Бир нече күн мурда башка бир документ күчүнө кирди. Ал – “Лицензиялар жана уруксаат кагаздары жөнүндө” Мыйзам. Анын негизинде лицензия жана уруксаат кагаздары 101 аталышта бүткөрүлөт. Бул дүйнөдөгү эң кыска тизме”,- деди Жоомарт Оторбаев.

 Андан соң, Биринчи вице-премьер-министр Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрүнө Кыргызстандагы ички дүң продукциянын өсүшү 10 айдын жыйынтыгы боюнча 10,2 пайызга жеткендигин маалымдады. “Кыргызстанда экономиканын өсүшү жогору. Анткен менен, өсүү туруктуу болушу үчүн, биз дагы иштешибиз керек. Биз Азия өнүктүрүү банкына натыйжалуу кызматташтыгы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз”,- деп кошумчалады Жоомарт Оторбаев.

 Биринчи вице-премьер-министр Өкмөттүн жана Азия өнүктүрүү банкынын бизнес чөйрөнү жакшыртуудагы аракетинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн, жеке секторду колдоого АӨБнын фондун көбөйтүү керек экендигин белгиледи.

 Клаус Герхаузер өз кезегинде АӨБ тарабынан Кыргызстандагы жеке секторду колдоосу жетишсиз экендигин жана бул маселени кайра карап чыга тургандыктарын айтты. “АӨБ жеке секторду иштиктүүлүк менен колдошу керек. Биз Кыргызстандын экономикасындагы өсүштөр үчүн кубанычтуубуз жана болуп жаткан ийгиликтүү өзгөрүүлөргө салымыбыз бар деп эсептейм. Учурда биз мамлекеттик башкаруудагы реформаларга, анын ичинде суу жана энергетика менен камсыздоо долбоорлоруна өзгөчө басым жасоодобуз. Аталган секторлордогу көйгөйлөр комплекстүү чечилишти талап кылат”,- деди  Клаус Герхаузер.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү