21

Октябрь

2014

Жоомарт Оторбаев: «Биз бардыгын катар текшерүү жана көзөмөлгө алуу сыяктуу “советтик” мамиле кылуудан кайтуубуз керек»

Бүгүн, 21-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагалыгына жаңыдан дайындалган Санжар Муканбетовду кабыл алды.

Өкмөт башчы белгилегендей, кадрдык саясатка тутумдуу мамиле кылуу алкагында Өкмөт жаш, кесипкөй жактарга колдоо көрсөтүп, аларды мамлекеттик кызматка тартууда.

“Ведомствонун келечектүү багыттарынын бири катары инвестицияларды тартуу болуп эсептелет. Финансылык рынокту көзөмөлдөө кызматы баалуу кагаздар, камсыздоо рыногунун, бухгалтердик эсеп жана аудит ишмердүүлүгүн жөнгө салуу менен республикага чет элдик инвестицияларды тартууда гана эмес, атамекендик инвесторлорду өнүктүрүүдө да маанилүү роль ойнойт», — деп белгиледи жолугушуунун жүрүшүндө Жоомарт Оторбаев.

Белгиленгендей, 2014-жылдын 9 айында Кыргыз Республикасынын корпоративдик баалуу кагаздар эмитентине карата чет элдик инвестициялардын көлөмү 752,77 млн сомду түзүп, өткөн жылдын көрсөткүчүнөн үч эсе жогору болуп саналат. Атамекендик эмитенттер тарабынан 460 млн сомдук облигациялар чыгарылган. Банк тармагында кредиттик портфелдин 40 пайызга өсүүсү белгиленүүдө.

Ага катар Өкмөт башчы С.Муканбетовдон корпоративдик облигацияларга инвестициялоо абалына көңүл бурулушун талап кылып, «Рентон Групптун» алдамчылык ишмердүүлүгү туурасында эскертти.

Жоомарт Оторбаев Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчисине квалификациясы жок инвесторлордон ачык түрдө каражат чогулткан шектүү компаниялардын ишмердүүлүгүн текшерүүнү тапшырды, алсак, мындай окуялар Талас облусунда орун алгандыгы белгилүү.

Үстүбүздөгү жылдын жайында Өкмөт Мамлекеттик пенсиялык топтолмо фондго өзүнүн 20% чейинки каражатын атамекендик ишканалардын камсыздалган листингдик облигацияларына инвестициялоого уруксаат берген, бүгүнкү күндө анын көлөмү 1 млрд ашуун сомду түзөт. Эми кыргыз ишканалары пенсиялык каражаттарды банктардын ортомчулугусуз, түздөн-түз ала алат.

Буга байланыштуу Премьер-министр кыска мөөнөттө пенсиялык каражаттарды сапаттуу коргоого мүмкүндүк берген камсыздалган облигациялар боюнча норманы иштеп чыгууну талап кылды.

“Ипотекалык насыялоону өнүктүрүү үчүн ипотекалык баалуу кагаздар сыяктуу жаңы финансылык инструменттерди пайдалануу зарыл, бул жаатта Өкмөт тарабынан белгилүү иштер аткарылууда», — деп кошумчалады Жоомарт Оторбаев.

Өкмөт башчы ведомство алдында калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча программаны иштеп чыгуу боюнча милдетти койду, ал өз кезегинде өлкөнүн финансылык тутумуна карай ишеним деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берип, ошондой эле жарандарды финансылык инструменттер, камсыздоо жана пенсиялык тейлөө жана продуктулар менен пайдаланууга үйрөтөт.

«Биз бардыгын катар текшерүү жана көзөмөлгө алуу сыяктуу “советтик” мамиле кылуудан кайтуубуз керек деп эсептейм. Жабык жана жалпыга таандык эмес компанияларды көзөмөлдөөнү, чындыгында да натыйжалуу жөнгө салуу жана көзөмөлдөөгө муктаж болгон жалпыга таандык компанияларга буруу боюнча реалдуу кадамдарды жасоо керек», — деп билдирди Премьер-министр.

[su_carousel source="media: 44143,44145,44146" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү