14
Ноябрь
Жоомарт Оторбаев: «Илимий ойлоп чыгуулар жана ачылыштар өлкө экономикасында практикалык жактан пайдаланылышы керек»
Бүгүн, 14-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев КР УИА негизделгендигине 60 жыл толгондугуна байланыштуу өткөн Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын сессиясына катышты.
Жоомарт Оторбаев Улуттук илимдер академиясынын академиктери, мүчө-корреспонденттери жана кызматкерлерин кыргыз илиминин алдыңкы катарында турган мекеменин негизделишине 60 жыл толушу менен куттуктады.
«Биздин өлкөдө илимдин гүлдөп-өнүгүшү 20-кылымдын 60-70-жылдарына туура келген. Бул жаңы иштеп чыгууларга жана технологияларга муктаж болгон экономиканын тармактарынын өнүгүшүнө байланыштуу болгон. Дал ошол жылдары жергиликтүү окумуштууларга ийгилик алып келген ачылыштар жана ойлоп табуулар орун алган. Алардын арасында өзгөчө таза сурьманы алуу ыкмасы, плазма жана оптика жаатындагы технологиялар, карбид, сульфид жана оксиддерден композициялык материалдардын химиялык синтез ыкмаларын иштеп чыгуу, малдардын жаңы тукумун ойлоп чыгуулар жана ар-кыл багыттагы жана түрдөгү сөздүктөрдү түзүү иштери кирет. Ошол мезгилде орун алган ачылыштар кийинки мезгилдеги илимдин өнүгүшүнө негиз түзгөн», - деди Өкмөт башчы.
Окумуштууларга кайрылууда Премьер-министр белгилегендей, Советтер Союзунун кулашы жана илимди борборлошкон түрдө кошумча каржылоонун токтотулушу менен илимий иликтөөлөрдүн саны жана сапаты төмөндөгөн.
«Улуттук илимдер академиясынын тутумун реформалоо зарылдыгы бышып жетилди. Коом илимий иликтөөлөрдү уюштуруу иши жана аны башкаруу түзүмдөрү замандын талабына жооп бериши керектигин талап кылууда. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карманган багытын дагы бир ирет тастыктап кетким келет, ага ылайык, өлкөдөгү колдонмо жана фундаменталдуу илимдер сенек абалда турбастан, өнүгүүсү үчүн окумуштуулардын өзү гана илимди реформалоонун оптималдуу жана натыйжалуу ыкмасын тандай алышат. Мында реформалоого карата жолдо алгачкы кадам катары администативдик-башкаруу аппаратынын жана аны камсыздоо чыгымдары кыскартылып, көп жылдар илгери уюштурулган тармактык институттар тутумунун жакшыртылышы эсептелет. Учурда илим келечектүү эсептелген бир нече багытка басым жасап, ал эми илимий ойлоп табуулар өлкө экономикасында практикалык жактан пайдаланылышы керек», - деди ал.
Жоомарт Оторбаев кыргызстандык окумуштуулардын алдына евразиялык интеграция алкагында ачыла турган келечекке өзгөчө басым жасады.
«Интеграция алкагында Кыргызстан жалпы калкы 170 млн ашуун адамдан турган рынокко кошулат. Бул окумуштуулар үчүн да өтө кеңири рынок, мында сиздер өз илимий ойлоп табууңуздарды жана сунуштарыңыздарды жакынкы чет өлкөлүк өндүрүшчүлөргө сунуштай аласыздар. Мындан тышкары, биз дүйнөлүк илимий аймакка кошулууга, биргелешип иликтөө жүргүзүү жана тажрыйба алмашууга мүмкүндүк алабыз. Менин ишенимимде, республиканын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуусу атамекендик илимдин өнүгүүсүнө жаңы дем берүүгө тийиштүү шарттарды түзөт», - деди Премьер-министр.
Өз баяндамасынын соңунда Премьер-министр Жоомарт Оторбаев дагы бир ирет өлкө окумуштууларын КР УИА негизделгендигине 60 жыл толушу менен куттуктап, иштеринде ийгилик жана заман талабына жооп берген актуалдуу жана зарыл илимий ачылыштардын жарала беришин каалады.
[su_carousel source="media: 45579,45580,45581,45582,45583,45584,45585,45586,45587,45588,45589,45590,45591,45592" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү