12
Ноябрь
Бүгүн, 11-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргызстандагы Улуу Британия элчилиги уюштурган “Коррупциялык иштерге каршы: Кыргыз Республикасы менен Улуу Британиянын тажрыйбасы” аталышындагы семинарга катышты.
Семинарга мамлекеттик органдардын, бизнес-ассоциациялардын, бейөкмөт уюмдардын жана консалтингдик фирмалардын өкүлдөрү катышты.
“Британиялык укук – дүйнөлүк коомчулукта абройлуу деп табылган. Улуу Британиянын демократиялуу жана коррупцияга каршы мыйзамы 400 жылдан бери ылайыкташып, ыкташтырылууда. Улуу Британиянын жүз жылдар бою коррупция менен күрөшүп келүүсүнүн өзү биздин да көп нерседен өтөөрүбүздү айтууда. Анткен менен, биздин коррупция менен күрөшүүбүз 400 жылдан аз болот”,- деди Жоомарт Оторбаев.
Биринчи вице-премьер-министр Кыргызстанда болуп өткөн эки революциянын негизги себеби жакырчылык эмес, башкаруу чөйрөсүндөгү коррупция жана социалдык теңсиздик болду.
“2010-жылы кыргызстандыктардын көбү коррупцияга каршы реформалар тез жана натыйжалуу болот деп ишенишкен. Тилекке каршы, саясий эркибиз болуп, коомчулук тарабынан колдоо болгонуна карабай, биз коррупция менен күрөшүүдө ыкчам ийгиликтерге жетише алганыбыз жок. Коррупция биздин коомдо терең тамырлап кеткен жана аны менен күрөшүү үчүн убакыт керек. Коррупция менен күрөшүүдө натыйжалуулуктун жетишсиздиги негизги көйгөй бойдон калууда”,- деди ал.
“Көйгөйлөрдүн айкалышы айкалыштыруучу чараларды талап кылат. Коррупцияга каршы көзөмөлдөө ишинде биз тажрыйбалуу өнөктөштөр менен иш алып баруудабыз. Тактап айтканда алар: Улуу Британия элчилиги, Бүткүл дүйнөлүк жана Азия өнүктүрүү банктары. Декабрь айына коррупцияга каршы күрөшүү чаралар программасы мерчемделген”,- деп кошумчалады Биринчи вице-премьер-министр.
Жоомарт Оторбаевдин пикиринде ыңгайлуу шартты жаратуу инфраструктурадан, мыйзамдуулуктан жана саясий абалдын туруктуулугунан гана эмес, коррупция менен күрөшүүдө натыйжалуулуктан да көз каранды.
Семинарда Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Джудит Маргарет Фарнфорт, Улуу Британия өкмөтүнүн паракорчулук жана коррупция менен күрөшүү департаментинин бөлүм башчысы Бен Морган жана “Миллер жана Розенфальк - Европалык бизнес-юристтеринин” башкаруучу өнөктөшү Стюарт Миллер сөз сүйлөштү.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү