
Бүгүн, 17-январда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы алдында өлкөнүн тоо-кен өнөр жайы тармагынын азыркы абалын жана келечегин изилдөөгө арналган кеңешме өттү.
Кеңешмеге КР Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Учкунбек Ташбаев, республиканын аймагындагы тоо-кен өнөр жайы тармагында иштеп жаткан негизги ишканалардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун башында Ж..Оторбаев белгилеп өткөндөй, кеңешменин негизги максаты – республиканын тоо-кен өнөр жайынын азыркы абалын жана анын өнүгүүсүнүн келечегин талкуулоо болуп саналат.
«Республиканын тоо-кен өнөр жайындагы абал кыйын. Мыйзамдардын ачык-айкын эместигинен, коррупциядан жана жергиликтүү калк менен бул тармактагы компаниялардын ортосунда мезгил-мезгили менен тирешүүлөр болуп жаткандыктан улам айрым компаниялардын иши дээрлик токтоп калды десек болот. Муну моюнга алып коюш керек”, - деди вице-премьер-министр.
Ж.Оторбаев бул абалдан чыгуу үчүн, баарыдан мурда, тоо-кен өнөр жайы тармагындагы компаниялардын ишмердүүлүгүн жөнгө салган мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керек деп эсептейт.
“Бул максатта атайын жумушчу топ түзүлгөн. Жакын арада биз Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамынын жаңы редакциясын иштеп чыгуубуз керек. Андан тышкары, республиканын Жер жана Салык кодекстерине оңдоолорду киргизишибиз, лицензияларды берүү процессин жөнгө салган бир катар Жоболордун жаңы редакцияларын кабыл алышыбыз керек болуп турат. Ушундай өзгөрүүлөр тармактагы абалга жакшы таасирин тийгизиши керек”, - деп белгиледи вице-премьер-министр.
Ошондой эле Ж.Оторбаев Өкмөт уруксат берүүчү документтердин берилишин көзөмөлгө ала турган лицензиялык палатаны түзүүгө нитеттенип жаткандыгын маалымдады.
«Бул кадам өлкөгө инвестициялардын келишине көмөкчү болот”, - деп эсептейт вице-премьер-министр.
Кеңешме учурунда бир катар тоо-кен өнөр жайындагы компаниялардын жетекчилери, көз карандысыз эксперттер тармактагы абалды жакшыртууга багытталган сунуштарын жана ой-пикирлерин айтышты.
Ж.Оторбаев лицензиялардын жана уруксат берүүчү документтердин санын кыскартуу белгиленип жаткандыгын маалымдады.
«Кендерди иштетүүгө берилип жаткан лицензиялар башкаларга өткөрүлүп берилбеши керек. Лицензиясын алып коюп, башка компанияларга берип койгон учурлар болгону маалым. Бул болсо өз кезегинде тармактагы баш аламандыкка алып келип, анын азабын алигече тартып жатабыз”, - деп кошумчалады Ж.Оторбаев.
Жолугушууну жыйынтыктап жатып, Ж.Оторбаев кызыкдар болгон тараптардын бардыгын Темир Сариев жетектеген жумушчу топтун ишине активдүү катышууга чакырды.
«Мыйзамдык базабыз канчалык мыкты болсо, тармак дагы, анда иштеген компаниялардын иши дагы ошончолук ийгиликтүу болот эмеспи”, - деди вице-премьер-министр.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү
[gallery link="file" order="DESC"]