28

Октябрь

2014

Жоомарт Оторбаев: «Ички иштер министрлигинин жаңы жетекчилиги кыска мөөнөттө укук коргоо блогун реформалоо боюнча чечкиндүү чараларды кабыл алышы тийиш»

Бүгүн, 28-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигине жаңыдан дайындалган министр Мелис Турганбаевди кабыл алды.

Өкмөт башчы М.Турганбаевдин Бишкек шаарынын коомдук тартибин камсыздоого кошкон салымын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жоомарт Оторбаев ИИМ жетекчиси Мелис Турганбаевге Бишкек шаардык ШИИБ жетекчиси кызматында колдонулган иш принциптерин республика алкагында пайдалануу сунушун берди.

“Ички иштер министрлигинин жаңы жетекчилиги кыска мөөнөттө укук коргоо блогун реформалоо боюнча чечкиндүү чараларды кабыл алышы тийиш»,- деп белгиледи Жоомарт Оторбаев.

Өкмөт башчы ички иштер министринин көңүлүн республиканын аймактарындагы өзгөчөлүктү эске алуу менен коомдук коопсуздукту камсыздоо маселесин чечүүгө карата кылдат жана так мамиле кылуу зарылдыгына бурду.

Жолугушуунун жүрүшүндө белгиленгендей, ИИМ тутумундагы реформаларды сапаттуу жүргүзүү максатында ведомствонун башкаруу тутумун жана төмөнкү подразделениелерди түзүмдүк жакшыртуу башталды, ага катар аймактардагы подразделениелер чыңдалат. Укук коргоо ведомствосу тарабынан ошондой эле ыкчам талдоо жүргүзүү аркылуу кылмыштарды ачуунун жаңы жана заманбап ыкмалары киргизилип, кызматкерлерди окутуу жүрүүдө. Иш-чаралардын аталган жыйындысы кылмыш бетин ачуулардын санын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Ички иштер министрлиги коррупцияга каршы туруу жаатында ишти жандандырып, “Коопсуз шаар” жана “Электрондук КУП” долбоорлорун ишке ашыруу алкагында каралган даярдык көрүү иш-чараларын өткөрүүнү баштады.

Премьер-министр белгилегендей, быйылкы жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан укук коргоо орган ардагерлеринин пенсиялары жогорулатылып, укук коргоо орган кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатууга финансы каражаттары бөлүндү.

Өкмөт башчы белгилегендей, кадрдык саясатка тутумдуу кадам жасоо алкагында Өкмөт кесипкөй жаштарга колдоо көрсөтүп, аларды мамлекеттик кызматтарга тартууда.

“Сыймыктуу кесиптин аброюна “көлөкө” түшүрүп, өз кедергисин тийгизген жактардан арылып, жаш кесипкөй кадрларды ИИМ тутумуна тартыңыздар», — деди Жоомарт Оторбаев.

Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт мындан ары карай дагы ички иштер министрлигинин ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөтүүсүн улантат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү