05
Ноябрь
Жоомарт Оторбаев: «БУУ – алдыңкы эл аралык институт, анын билим-тажрыйбасы Кыргыз Республикасында ийгиликтүү пайдаланылууда”
Бүгүн, 5-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев БУУ баш катчысынын жардамчысы, БУУӨП администратору, КМШ жана Европа өлкөлөрү боюнча Аймактык бюро директору Джихан Султаноглу менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандагы БУУ жана БУУӨП долбоорлорун ишке ашырууга байланыштуу маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулап, келечектеги өз-ара аракеттешүү багыттары тууралуу пикир алмашты.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри белгилегендей, Кыргызстандагы БУУ жана БУУӨП программалары өз ишмердүүлүгү боюнча мыкты натыйжаларга ээ болуп, кызматташуу мүмкүндүгүн өстүрүү үчүн тийиштүү базага ээ.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөнүн 2013-2017-жылдарга карата Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясын ишке ашырууну талкуулады. Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы Туруктуу өнүгүү стратегиясынын негизги максат-милдеттерин аткарууга багытталган.
Өз кезегинде Д.Султаноглу БУУ жана БУУӨП институттары Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясын ишке ашырууга катышууга даяр экендигин билдирди. Аталган Стратегия алкагында Нарын облусунда БУУӨП Россия Федерациясынын колдоосу менен айыл чарба өндүрүшүнүн жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо аркылуу аталган облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү боюнча долбоор ишке ашырылууда. Долбоор алкагында кесиптик-техникалык билим берүү тутумун жакшыртуу, кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө дем берүү пландаштырылууда.
Андан соң тараптар Кыргызстандын келерки парламенттик жана президенттик шайлоолорго даярдык процессин тыкыр талкуулады. Премьер-министр белгилегендей, Кыргызстан турукту өнүгүүнүн жана парламенттик демократияны чыңдоо жолуна түштү. Өлкөдө укук коргоо органдарын жана сот тутумун реформалоо жигердүү жүрүүдө. Республика алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоону ачык-айкын өткөрүүгө камданууда, ал өз кезегинде өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн негиз болуп, социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө шарт түзөт.
“Биз тарыхта алгач ирет шайлоо учурунда жарандардын биометрикалык маалыматтарын колдонобуз», — деди Жоомарт Оторбаев жана биометрикалык базанын киргизилиши өткөрүлүп жаткан шайлоолорго карата жарандардын ишеним деңгээлин жогорулатуунун бирден-бир механизми болуп эсептелээрин билдирди.
Д.Султаноглу билдиргендей, БУУ жана БУУӨП Кыргызстанга республиканын шайлоо тутумун жакшыртууга, анын ичинде БШК мүмкүндүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине, Бирдиктүү экономикалык аймакка жана Евразиялык экономикалык бирликке кирүү процессине бурулду. Өкмөт башчы белгилегендей, учурда тийиштүү нормативдик-укуктук базаны даярдоо ишке ашырылууда.
“Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине, Бирдиктүү экономикалык аймакка жана Евразиялык экономикалык бирликке кошулуусу өлкөнүн тышкы экономикалык кызыкчылыктарына дал келет», — деп билдирди Жоомарт Оторбаев жана Кыргызстанда экономиканын маанилүү тармактарын, тактап айтканда, тоо-кен өндүрүү жана суу-энергетикалык тармагын модернизациялоо мүмкүндүгү пайда болоорун белгиледи.
Д. Султаноглу маалымдагандай, БУУӨП интеграциялык процесске киргизилген жана Кыргызстандын ББ кошулуу алкагында санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык коопсуздукту жогорулатуу боюнча долбоорду сунуштаган. Бул жааттагы долбоор Кыргызстанда БУУӨП тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясы менен биргеликте ишке ашырылууда.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Туруктуу өнүгүү күн тартибин кабыл алуу алдындагы Миң жылдыктын өнүгүү максаттарына жетишүү боюнча алдын-ала жыйынтыгын талкуулады.
«Кыргызстан алдыга коюлган максаттардын көбүн ийгиликтүү аткара алды, менин ишенимимде, республика Миң жылдыктын өнүгүү максаттарын ишке ашырууга жигердүү катышат», - деди Д. Султаноглу.
Жолугушууну жыйынтыктоодо Өкмөт башчы белгилегендей, «БУУ – алдыңкы эл аралык институт, анын билим-тажрыйбасы Кыргыз Республикасында ийгиликтүү пайдаланылууда».
[su_carousel source="media: 45091,45092,45093,45094" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү