08
Октябрь
Бугун, 8-октябрда Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев мамлекеттик сатып алуу системасын реформалоо боюнча Дүйнөлүк Банктын менеджери Хибой Тахбуб менен талкуу жүргүздү.
Жоомарт Оторбаев, мамлекеттик сатып алуулар системасын реформалоого кошкон чоң салымы үчүн бардык өнөктөштөргө терең ыраазычылыгын билдирди. Ал ошондой эле таза жана ачык айкын сатып алуу процесси өлкөдөгү коррупциянын азайышына чоң өбөлгө түзөт деп белгиледи.
“Азыркы учурда бул багытта реформа акырындык менен жүрүп жатат. Мамлекеттик сатып алуу системасында орун алган татаал коррупциялык схемаларды, сатуучулар менен сатып алуучулардын өз-ара көмүскө бүтүмүн тез арада жокко чыгаруу оңой эмес . Түзүлгөн кырдаалда сатуучулар жана сатып алуучулар өздөрүн ыңгайлуу сезгендиктен, реформаларга катуу каршылыгын көрсөтүшүүдө”, - деди Ж.Оторбаев.
Соода-сатыктын онлайн системасын киргизүү, Ж. Оторбаевдин айтымында, мамлекеттик органдардын ыплас өкүлдөрүнүн жана жеке сектордун сатып алуу системасындагы шектүү келишимдерин түзүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат.
“Эмки айларда мамлекеттик сатып алуу жөнүндө тиешелүү мыйзамдарды даярдоо иштери аяктайт. Бул укук-ченем базасы бизге ачык айкын сатып алууга шарт түзөт”,- деди Ж. Оторбаев.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү