18
Ноябрь
Жоомарт Оторбаев: “Айкындуулук биздин иштеги фундаменталдуу принциптерден болуп саналат”
Бүгүн, 18-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев КР Өкмөтү менен БУУ Өнүктүрүү программасы жана Дүйнөлүк банк менен биргеликте уюштурулган “Социалдык-экономикалык өнүгүү жана мамлекеттик тейлөө сапатын жогорулатуу үчүн мамлекеттик маалыматтардын ачыктыгы” тегерек стөлүнүн ишине катышты.
Аталган иш-чара “Ачык маалыматтар күнү”, Кыргыз Республикасында электрондук башкарууну киргизүү алкагындагы ачык мамлекеттик маалымат саясатын пайдалануу боюнча иш-чаралардын түрмөгү алкагында өттү. “Ачык маалыматтар күнү” мезгилинде маморган, бизнес-коомчулук, коомдук уюмдар, дипломатиялык корпус, эл аралык уюмдар өкүлдөрүнүн, Россия, Казакстан, Грузия, Молдова, Великобритания, АКШ жана Франциянын эл аралык эксперттеринин катышуусундагы программалык камсыздоону иштеп чыгуучулардын катышуусунда тегерек стөлдөр жана мастер-класстар өтөт.
«Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ) тармагы биздин өлкө экономикасынын алдыңкы катарында туруп, өлкө ИДПсына чоң салымды кошуп, болжол менен 8% камсыздайт. Технологиялардын өнүгүүсү экономиканын өнүгүүсүнө алып келүүдө, мисалга, кеңири тилкелүү интернеттин 10% өсүүсү ИДПны дээрлик 1,5% жогорулатат», - деди Жоомарт Оторбаев.
«МКТ тармагы жаштарды окутууда чоң роль ойноп, мамбашкарууну реформалоо жана мамлекеттик жана муниципалдык тейлөөнү сунуштоодо, жарандарды чечим кабыл алуу процессине катышуусунда маанилүү орунда турат. Мобилдик банкинг финансылык тармак тейлөөсүнө жеткиликтүүлүктүн наркын төмөндөтөт», - деди ал.
Премьер-министр белгилегендей, ошондой эле бул сектор жашыл экономиканы курууда, чыр-чатактардын жана табийгат кырсыктарын, тобокелчиликтердин алдын алууда чоң роль ойнойт.
“Кыргызстан ачык саясый тутумга эгедер, бизде цензура жана МКТ тамагынын өнүгүүсү үчүн тоскоолдук кыла турган факторлор жок. Кыргызстан – тышкы соода көлөмү ИДП жогору эсептелген дүйнөдөгү 5 өлкөнүн катарына кирет жана ошол эле учурда өлкөбүз деңизге карай чыкчу жолу жок жалгыз мамлекет болуп саналат”, - деди Өкмөт башчы.
“Өкмөттүн ачыктыгын алга жылдыруу багытынын бири катары “Министр байланышта” акциясы эсептелет, мында министрлер жумасына эки ирет телевидение аркылуу чыгып, басма сөз жыйындарын уюштуруп, аймактарга чыгып, тегерек стөлдөргө катышып, Өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип турушат. Айкындуулук биздин иштеги фундаменталдуу принциптерден болуп саналат ”, - деп белгиледи Жоомарт Оторбаев.
Андан соң Өкмөт башчы Өкмөт тарабынан электрондук башкарууну алга жылдыруу алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлорго кеңири токтолуп өттү.
Алсак, Жоомарт Оторбаев жакынкы арада премьер-министрдин он-лайн коомдук кабылдама долбоору ишке киргизилгендигин белгиледи.
“Биз мындан ары карай аймактар менен он-лайн жыйындарды өткөрөбүз. Жеткиликтүү эсептелген 63 түйүн аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган өкүлдөрү жана калк менен Интернет аркылуу байланыш түзүүгө мүмкүндүк берет, мында командировкаларга кеткен чыгымдар кыскарат”, - деп кошумчалады Жоомарт Оторбаев.
Ошондой эле ал “Ачык бюджет” аттуу башка долбоорду мисалга келтирди, ал аркылуу кыргызстандыктар дүйнөнүн каалаган бурчунда туруп, бюджет, же каржылоонун айрым багыттары менен таанышууга мүмкүндүгү бар. Ошондой эле донордук уюмдардын колдоосунда мамлекеттик сатып алуулардын порталы ишке киргизилген, ал “соода жүргүзүүнүн заманбап тутумунун бири катары саналат”.
«Башка порталдардын катарында тышкы көмөк берүү порталын айтып кетүүгө болот. Сентябрь айында биз «kattar.kg» веб-сайтын ишке киргиздик, бул – жарандарга мамлекеттик орган жетекчилерине, премьер-министрден тарта айыл өкмөтү башчысына дейре он-лайн кайрылуу жасоого мүмкүндүк берет. Он-лайн кайрылуулар расмий кайрылуулар менен бирдей деңгээлде каралат», - деп кайрылды Жоомарт Оторбаев тегерек стөл катышуучуларына.
Премьер-министрдин айтымында, 2014-жылдын 10-ноябрында Өкмөт тараптан 2014-2017-жылдарга карата Кыргызстанда электрондук башкарууну киргизүү боюнча Иш-чаралар планы жана Программасы бекитилген, анда негизги блоктор катары электрондук өкмөт жана ачык маалыматтар боюнча милдеттер сунушталган.
“Биз ачык маалыматтарды сунуштоо боюнча мамлекеттик орган кызматкерлери үчүн окуу тренингдерин өткөрүүгө эл аралык институттардын жардамын өтүндүк. Ачык маалыматтар – бул маалыматтык мүнөздөгү тейлөөлөр, алар коомчулук пайдалануусу үчүн акысыз түрдө сунушталат. Биз ачык маалыматтарды коомго натыйжалуу сунуштообуз үчүн мыкты тажрыйбаларды өздөштүрүүбүз керек », - деп жыйынтыктады Жоомарт Оторбаев.
[su_carousel source="media: 45795,45794,45793,45792,45791,45790,45789,45788,45787" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү