19

Январь

2012

Бүгүн, 18-январда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дэвид Моран мырза менен анын өлкөбүздөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу жолугушту. Жолугушуунун башында Ж.Оторбаев Д.Моранга анын Улуу Британиянын Элчиси катары Кыргызстанда аткарган иштерине ыраазычылык билдирди. «Улуу Британиянын Бишкекте элчилигинин ачылышынын аркасында  кыргыз-британ мамилелери бардык жаатта динамикалуу өнүгүүгө ээ болот деп үмүттөнөм. 2011-жыл кыргыз-британ саясий мамилелерин арттыруу боюнча милдеттерди ишке ашыруу жаатында абдан маанилүү болгондугун баса белгилеп койгум келет”, - деди ал. Өз кезегинде Элчи мырза Улуу Британиянын Өкмөтү Бишкектеги дипломатиялык миссиясы аркылуу өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин конкреттүү нукта өнүгүүсүнө багытталган ишти улантууга даяр экендигин айтты. «Өлкөлөрүбүз ар кыл жаатта кызматташтыгыбызды өнүктүрүү зарыл экендигин жакшы түшүнүшөт. Мен элдерибиздин алдында турган милдеттерди чечүүгө кудуретибиз жете тургандыгына толук ишенем”, - деди Элчи. Маек учурунда Ж.Оторбаев британ Өкмөтүнө Кыргызстанга DFID багытындагы долбоорлорду ишке ашырууга көрсөткөн жардамы жана көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. Бул долбоорлор мамлекеттик башкаруу, айылдын инфраструктурасын жакшыртуу, санитария маселелерин камтып, абдан чоң социалдык мааниге ээ болуп саналышат. «Бул багытта көрсөтүлүп жаткан колдоо абдан чоң мааниге ээ жана өлкөбүздүн экономикалык, саясий өнүгүүсүнө көмөкчү болоору шексиз”, - деди Ж.Оторбаев. Жолугушуу учурунда тараптар өз ара кызыкдарлыкты жараткан бир катар маселелерди талкуулашты. Анын ичинде өлкөдө жагымдуу инвестициялык климатты арттыруу, британ инвестицияларын Кыргызстандын экономикасына тартып келүү, жарандык коомдун институттарын куруу жана демократиянын негиздерин өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашуу боюнча пикир алмашуу болду. Жолугушуунун аягында Ж.Оторбаев Элчиге иштериндеги ийгиликтерди, бекем ден-соолук каалады. Маалымдама: Улуу Британиянын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын жетекчиси болуп Джудит Маргарет Фарнворт дайындалмакчы. Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги 2011-жылдын 8-декабрында ачылган. Буга чейин Улуу Британиянын дипломатиялык элчилиги  Астана шаарында (Казакстан) жайгашкан болчу.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү

[gallery link="file" order="DESC"]