21
Декабрь
Жоомарт Оторбаев: «Кыргызстандын Евразия экономикалык бирлигине кошулуусу боюнча даярдык иштери толук көлөмдө жана график боюнча жүргүзүлүүдө
Бүгүн, 20-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев өлкөнүн Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) кошулуусу боюнча даярдык маселеси боюнча иштиктүү жыйын өткөрдү. Кеңешменин ишине Президенттик аппараттын, Экономика министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ кошулуусу жөнүндө Келишим долбоорун даярдоого катыштыгы бар министрлик жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты.
Өкмөт башчы өлкөнүн Евразия экономикалык бирлигине кошулуусуна даярдык көрүү процессинин оңдуу динамикасын белгиледи.
“Учурда өлкөнүн евразиялык интеграциялык бирликке кошулуусу боюнча иш-чаралар планын аткаруу боюнча активдүү иш жүрүүдө, Евразиялык экономикалык бирликке кошулуу – Кыргызстан Өкмөтүнүн ишиндеги келечектүү милдеттердин бири»,- деп белгиледи КР Өкмөт башчысы.
«Кыргызстандын Евразиялык экономикалык бирликке кошулуусу боюнча даярдык иштери толук көлөмдө жана график боюнча жүргүзүлүүдө”, - деп кошумчалады Жоомарт Оторбаев.
Андан соң кеңешме катышуучулары Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) кошулуу жөнүндө келишимге Өлкөнүн кошулуусу тууралуу келишим долбоорунун пункттарын тыкыр иликтеп чыкты.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү