15

Декабрь

2014

Жоомарт Оторбаев: «Казакстан менен бардык тармактар боюнча практикалык кызматташуу Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ”

Бүгүн, 15-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешмесинин алкагында Казакстан Республикасынын Премьер-министри Карим Масимов менен жолугушту.

Күн тартибинде суу-энергетикалык, айыл чарба, чекара жана чектеш кызматташтык жаатындагы, ошондой эле темир жол жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, эки өлкөнүн маданий-гуманитардык кызматташуусун активдештирүү маселелери коюлду.

Жолугушуунун башталышында Жоомарт Оторбаев эки тараптуу кызматташуунун оңдуу өнүгүүсүн белгиледи.

«Акыркы кездерде кыргыз-казак кызматташуусу тийиштүү динамикага жана практикалык багытка ээ болуп, активдүү саясый-экономикалык баарлашуу орун алууда. Шериктеш мамлекеттердин демилгелери ар-кыл эл аралык уюмдарда жана интеграциялык бирикмелерде активдүү колдоого алынууда», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Жоомарт Оторбаев кесиптешине Кыргызстандын Евразиялык экономикалык бирликке кирүүсүнө даярдык көрүүгө колдон келген жардамын көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Андан соң Астана шаарында 13-октябрда мамлекет башчылар деңгээлинде болуп өткөн Кыргыз-казак өкмөт аралык кеңешинин 5-жыйынында суу-энергетикалык тармактагы кол коюлган келишимдердин, тактап айтканда, 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилинде Казакстандан Кыргызстанга электр энергиясын сатууну уюштуруу боюнча келишимдин өз мөөнөтүндө иштелип чыгуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары жолугушууда тараптар казак тараптан «Луговая» станциясындагы КММ жүктөлгөн вагондордун кармалып турушун талкууга алды. Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы аталган маселенин тез арада чечилиши боюнча ишенимин билдирди. Карим Масимов Казакстандын тийиштүү ведомстволоруна аталган маселени чечилишин тездетүү тапшырмасын берди.

Жыйынтыгында белгиленгендей, жетишилген келишимдер эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнө дем берип, ал эми алардын өз мөөнөтүндө аткарылышы биргелешкен мамилелердин чыңдалышына олуттуу салым кошот.

[su_carousel source="media: 47511,47510,47509,47508,47507" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү