07
Декабрь
Жоомарт Оторбаев: «Өкмөт кайра иштетүүчү компаниялар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү жигердүү колдоого алат»
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы жаңы мектепти барып көрдү.
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев Өкмөт башчыга 350 окуучуга эсептелген мектеп Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун эсебинен 61 млн сомдон ашуун суммага салынган. Мектеп үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында ишке берилген.
Андан соң Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Барскоон айылынын коргоочу дамбасы жана тармакка бөлүштүрүүчү каналы менен таанышып чыкты. Бул иш Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараптан 10 млн 800 миң сомго аткарылган.
Жоомарт Оторбаев ошондой эле Жети-Өгүз районундагы Саруу айылындагы оңдолгон бала-бакчага барды, анда 210 бала тарбияланат. Капиталдык оңдоо иштери бюджеттик каражат аркылуу ишке ашырылат.
Андан соң Өкмөт башчы Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы «Ак-Жалга» ААК сүттү кайра иштетүүчү заводдо болду. Мында быштак, сыр, май жана башка сүт продуктулары өндүрүлөт. Ишкананын бир жылдык жүгүртүүсү 280 млн сомду түзөт, продукциянын дээрлик көп бөлүгү Казакстанга экспорттолот.
Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт кайра иштетүүчү компаниялар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү жигердүү колдоого алат.
“Бул багытта Өкмөт тараптан кабыл алынган иш-аракеттер өз натыйжасын берүүдө. Аталган сүттү кайра иштетүүчү заводдун мисалында ала турган болсок, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчүлөр үчүн салыктар алынып ташталганынан байланыштуу «Ак-Жалга» ААК Франция жана Испаниядан заманбап жабдуу сатып алган. Ошондой эле алар жылына 9% жеңилдетилген кредит алган, мындай мисалдар көп эле кездешет. Өкмөттүн бизнес-коомчулукту колдоо боюнча аракети, өзгөчө, Бажы биримдигине кирүү шартында кеңейтилет. Өзгөчө көңүл аймактарда жайгашкан ишканаларга бөлүнөт», — деди Жоомарт Оторбаев.
Премьер-министрдин Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары ушуну менен жыйынтыкталды.
[su_carousel source="media: 47136,47137,47138,47139,47140,47141,47142,47143,47144,47145,47146,47147,47148,47149,47150,47151" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү