12

Ноябрь

2014

Жоомарт Оторбаев: «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ЭВФ менен кызматташууну улантууга даяр»

Бүгүн, 11-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Эл аралык валюталык фонд (ЭВФ) Миссиясынын жетекчиси Эдвард Гемайел менен жолугушуп, анда ЭВФ менен кызматташуунун жаңы үч жылдык программасы талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ЭВФ делегациясы менен мамлекеттик орган жетекчилери ортосунда бюджеттик консолидация, карыздын туруктуу деңгээлде кармалышы, акча-кредиттик саясат, мамлекеттик башкарууну реформалоо, коррупцияга каршы туруу, финансылык рынокту өнүктүрүү жана инвестициялык абалды жакшыртуу маселелери боюнча орун алган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын талкуулады. Премьер-министр белгилегендей, жаңы программаны уюштуруу процесси ийгиликтүү өтүүдө жана ал Кыргыз Республикасы ЭВФ менен биргеликте келечекте өз-ара пайдалуу кызматташууну улантаарына ишеним билдирди. “Инвесторлордун ишеним деңгээлин жогорулатууга жана түзүмдүк реформалар үчүн негиз болуп бере турган сапаттуу документке жетишүү максатында иш-чараларды макулдашуу боюнча мындан аркы ишти улантуу зарыл» — деп белгиледи Ж. Оторбаев.

[su_carousel source="media: 45353,45354,45355,45356,45357,45358" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]