19
Январь
Бул тууралуу бүгүн, 18-январда, Кыргыз Республикасынын Биринчи-вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев журналистер менен жолугушуусунда билдирди.
Анын айтуусу боюнча, 2003-жылы башка жактан алып келинген дарылар кошумча баага болгон салыктан бошотулган. 2009-жылдагы Салык кодексинде кошумча баага болгон салыктан бошотулган дарылардын тизмеси Өкмөт тарабынан бекитилет деген норма бар. Бул норманын күчүнө киришинин мөөнөтү 2013-жылдын 1-январы деп көрсөтүлгөн. “Башкача айтканда биз жашоо үчүн маанилүү болгон гана дарыларды кошумча баага болгон салыктан бошотобуз.Саламаттык сактоо министирлиги 298 позициядан турган жашоо үчүн маанилүү дарылардын тизмесин кароону сунуштады. Экономика министирлиги аны анализдесе халаттар, кол каптар, даараткана кагазы, бойго бүтүрбөөчү каражаттар ал тизмеге киргизилиптир. Тизмени тактоо иштери уланууда, бирок азыр эле 120га жакын позиция калаары айкын болуп калды. Биз аларды жакынкы эки күндүн ичинде бекитебиз”,- деди Биринчи-вице-премьер-министр.
Жашоо үчүн маанилүү дарылар Өкмөт тарабынан бекитилгичекти импортерлор бардык алып келген дарыларга кошумча баага болгон салык үчүн 12 пайыз төлөшөт. Бул каражаттар Бажы кызматынын депозитинде болот, качан Өкмөттүн токтому чыкканда ал каражаттар импортерлорго кайтарылып берилет. Ошондуктан бул көрүнүш дарылардын чекене баасынын өсүшүнө таасир тийгизбеши керек деп белгиледи Жоомарт Оторбаев.
“Биз дарылардын баасынын өсүшүнө жол бербейбиз, тескерисинче баанын түшүрүүгө аракеттенебиз. Фармацевтик компаниялардын кирешеси 120 пайыздан 200 пайызга чейин жетип, жакшы эле каражат табышат. Бул абдан көп, мисалы, аспириндин 1упаковкаснын баасы 3 сомду түзөт, биздин рыноктогу дүң баасы 3,8 сом, дарыканалардагы чекене баа 5 сом. Дарылардын баасын анализдешибиз зарыл жана алардын баасын монополияга каршы тескөө керек. Сүйлөшүп алганга же монополис болгонго Өкмөт жол бербейт”,- деп Жоомарт Оторбаев кошумчалады.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлөмү