06
Декабрь
Жоомарт Оторбаев: «Ысык-Көл облусундагы жер силкинүүдөн жабыркагандарга көмөк көрсөтүү үчүн Өкмөт тараптан 50 млн сом табылган»
Ысык-Көл облусунун Тоң районуна иштиктүү сапар менен келген Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Бөкөнбаев айылындагы жер силкинүүдөн жабыркаган турак-жайларды көрүп чыкты.
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов маалымдагандай, министрликке турак-жайлары жабыркаган жарандардан 3780 арыз келип түшкөн, анын ичиндеги 400 турак-жай – үчүнчү жана төртүнчү категориядагы жабыркаган үйлөр болуп саналат.
“ӨКМ кызматкерлери жабыркаган үйлөрдүн абалын мониторингдөө боюнча калк менен тыгыз иш алып барууда», — деди Кубатбек Боронов.
Премьер-министр табийгат кырсыгынан жабыркаган тургундар менен жолугушууда маалымдагандай, Өкмөт тараптан жер силкинүүдөн жабыркагандарга көмөк көрсөтүү үчүн 50 млн сом табылган.
“Учурда жабыркагандарга 200 миң сом өлчөмүндө жеңилдетилген ссуда берүү процесси башталды. Ссуда 20 жылга үч жылдык мөөнөтүн узартуу менен берилет. Азыр эң башкысы — жеңилдетилген ссуда алуу үчүн бардык зарыл документтерди тактоо. Ошондой эле жабыркаган турак-жайы 4-категорияга киргизилген жарандарга 50 миң сом өлчөмүндө компенсация берүү жагы каралууда», — деди Премьер-министр.
Жолугушуунун жүрүшүндө Жоомарт Оторбаев КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамагенттигинин директору Турдубек Мамбетовго жабыркаган тургундар менен 200 миң сом жеңилдетилген ссудага сертификат берүү боюнча активдүү иш жүргүзүүнү тапшырды.
Калк менен жолугушуунун жүрүшүндө белгилүү болгондой, көптөгөн жарандар турак-жай менчик ээси экендиги тууралуу документтерге ээ эмес. Алардын турак-жай китепчеси, техникалык паспорту жана тилкеге карата болгон документтери “Кызыл китепчеси” жок. Буга байланыштуу Турдубек Мамбетовго тургундар менен бирдикте жабыркаган жарандардын турак-жайы үчүн тийиштүү документтерди берүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.
[su_carousel source="media: 47111,47112,47113,47114,47115,47116,47117,47118" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү