24
Ноябрь
Жоомарт Оторбаев: «Өкмөт тараптан өлкөнүн интеграциялык биримдикке кошулуу алкагындагы милдеттенмелерин аткаруу боюнча чоң иштер жасалды”
Бүгүн, 24-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйыны өтүүдө.
Күн тартибинде төмөнкү маселелер белгиленген:
1. Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актылар долбоору жөнүндө;
2. Жеткиликтүү турак-жай жана турак-жайды ипотекалык насыялоону өнүктүрүү программасынын долбоору жөнүндө;
2. Улуу Ата-Мекендик согуштагы (1941-1945-жж) Жеңиштин 70 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө.
Жыйын күн тартибиндеги алгачкы маселени талкуулоо үчүн Премьер-министр КР экономика министринин орун басары Данил Ибраевге сөз берди.
Данил Ибраев белгилегендей, КР ББ жана БЭА кошулуусунун “Жол картасы” боюнча эки баскычта каралуучу 59 нормативдик-укуктук актылар долбоору каралууда.
«Биринчи баскыч боюнча 19мыйзам долбоору каралган, анын 16сы - Жогорку Кеңешке киргизилип, 2си — токтотулган. Учурда Өкмөттүн 18 токтомун киргизүү каралган, анын 8и кабыл алынып, 10у кабыл алуу алдында турат. Экинчи баскыч боюнча Өкмөттүн 12 мыйзам долбоору жана 10 чечими каралган. Бүгүнкү өкмөт жыйынынын кароосуна 8 мыйзам долбоору киргизилет», — деп маалымдады министрдин орун басары.
Ошондой эле белгиленгендей, киргизилген мыйзам долбоорлору Өкмөттүн расмий веб-сайтында коомдук талкуу процедурасынан өткөрүлгөн.
“Бардык мыйзам долбоорлору нормативдик-укуктук базаны Бажы биримдиги регламенти менен ылайык келтирүү иретинде киргизилүүдө», — деп белгиледи Данил Ибраев.
Өз кезегинде Премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдиргендей, Өкмөт тараптан өлкөнүн интеграциялык биримдикке кошулуу алкагындагы милдеттенмелерин аткаруу боюнча чоң иштер жасалды.
«Нормативдик-укуктук базаны ылайык келтирүү боюнча бардык иш-чаралар үстүбүздөгү жылдын декабрь айына карата жыйынтыкталышы керек. Үстүбүздөгү жылдын 23-декабрында мамлекет башчылар деңгээлинде өтүүчү Жогорку экономикалык кеңештин кезектеги жыйынында биз Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык аймакка кошулуусу жөнүндө маселени кароону сунуштайбыз», — деп белгиледи Өкмөт башчы.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча Өкмөттүн мүчөлөрү киргизилген мыйзам долбоорлорун бир добуштан колдоого алышты.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү