24
Сентябрь
Жоомарт Оторбаев: «Мекемелердин бардык жетекчилеринин ар-биринде келерки күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жекече жоопкерчилик жатат”
Бул туурасында бүгүн, 23-сентябрда, экономикалык тармактарын жана калкты келерки жылытуу мезгилине даярдоо боюнча Республикалык штабдын жыйынында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев билдирди.
Анын айтымында, отун камдоо, оңдоо иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу жана тийиштүү суу көлөмүн сактоо боюнча тапшырмаларды аткарууну жыйынтыктоо үчүн ыкчам чараларды кабыл алуу зарыл. Бул нерселер 2014/2015-жылкы жылытуу мезгилинен туруктуу өтүүнүн кепилдиги болуп эсептелет.
«Бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү болгону 11,9 млрд метр кубду түздү. Суунун пландаштырылган көлөмүнөн болгон айырмачылык 4 млрд метр кубду түзөт. Бул нерсе сууну натыйжалуу колдонууга негиз болуп саналат. Ошондуктан электр менен бардыгын камсыздоо маселесин ойлонуубуз керек. Нарын облусу жана Ош шаарынан тышкаркы бардык облустар боюнча электр энергиясын пайдалануу чеги ашыкча болууда. Дагы бир ирет эскертчү нерсе, электрди пайдалануу чеги – бул жөн гана киловатт сааттар эмес, бул республикалык бюджеттеги акчалай каражаттар, анын көлөмүн жогорулатууга жол берилбеши керек», — деди Жоомарт Оторбаев.
Энергетика жана өнөр-жай министрлигинин маалыматына ылайык, негизинен отун камдоо иштери облустар тарабынан учурдагы пландан ашыкча аткарылууда, Чүй обладминистрациясы(111,4%), Ош (115,8%), Жалал-Абад (118,7%) жана Ысык-Көл (117,9%) , Баткен облусу боюнча план 127,6% аткарылып, ал эми Ош мэриясы тарабынан да ашыкча аткарылган.
Талас облусу (100%) график боюнча, ал эми Бишкек шаары (70,6%) жана Нарын облусу (50%) пландан артта калууда.
Жалпысынан министрлик жана ведомстволор боюнча коюлган пландын 60,4% гана аткарылган.
Билим берүү министрлиги тийиштүү көмүрдүн 64,5%, ал эми Саламаттык сактоо министрлиги 55,9% даярдаган. Калган маморгандар боюнча пландан артта калуу байкалып, отун камдоо катышы 20-30% түзөт.
Өкмөт башчы мекеме жетекчилерине кышка карата камылга көрүү жоопкерчилиги жүктөлгөндүгүн, тийиштүү даярдык көрүлбөгөн учурда ар-биринин ээлеген кызматка, анын талабына жооп бере тургандыгы тууралуу маселе каралаарын эскертти.
“Бишкек ЖЭБге отун ташуу планы аткарылбай жатат. Бүгүнкү күнгө карата ЖЭБ көмүр менен 36,2% камсыздалган. Жетекчилер планды аткаруу боюнча жоопкерчиликти жеке өзүнө алуусун өтүнөм»,- деди Жоомарт Оторбаев.
Андан соң облустар боюнча өкмөттүк иштиктүү топ жетекчилери аймактардагы абал тууралуу кыскача маалымат беришти. Иштиктүү топ өкүлдөрү аймактарга чыгып, министрлик жана ведомстволорго жөнөтүлүп жаткан маалыматтарды жеринде текшерип келүүгө барышкан.
Алсак, жыйында Ош облусу жана Ош шаары боюнча иштиктүү топ жетекчиси, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси Нурханбек Момуналиев маалымат берип, ал облус боюнча кышка даярдык график чегинде жүргүзүлүп жаткандыгын жана айрым мекемелерди жана турак-жайларды Ош шаарынын борбордук жылытуу тутумуна которууга мүмкүндүктөр бар экендигин билдирди.
Андан соң Жоомарт Оторбаев ишкана жетекчилерин үч фазалуу жылыткычтарды колдонуучулардын саны боюнча чоң айырмачылык орун алгандыгына көңүл бурууларын эскертти.
«Бардыгы бирдей каралышы керек, эч кимге өзгөчө мүмкүндүк берилбеши керек. Элге электр тартыштыгы тууралуу көйгөйдү эртерээк түшүндүрүп, альтернативдүү отунду камдап алууга шарт түзүү зарыл. Ведомстволор калк арасында туура маалыматты жеткирүүлөрү тийиш», — деди ал.
Мындан тышкары, салмак көзөмөлү тууралуу арыз айтылды, бирок Жоомарт Оторбаев билдиргендей, “жолдор талкаланбашы керек, унаалардын салмагы текшерилиши керек. Инфраструктурага чоң каражат жумшалууда, ошондуктан аны сактоо зарыл».
Андан соң Ысык-Көл облусунан байланышка аймактагы иштиктүү топ жетекчиси, Биринчи вице –премьер министр Тайырбек Сарпашев чыкты. Анын айтымында, облуста кышка карата даярдык жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тараптан алсыз жүргүзүлүүдө. Ал облус жетекчилигине 15-октябрдан кечиктирилбестен, бардык отун базаларын жана социалдык обьектилерди тийиштүү отун менен камсыздоону тапшырды.
«Облустун көмүргө карата жалпы муктаждыгы 98 миң тоннадан ашат. Учурда отун базаларында болгону 50% отун камдалган. Билим берүү обьектилеринин муктаждыгы 5 миң 300 тоннанын түзсө, алардын 50% гана көмүр менен камсыздалган. Электрдик жылытуудан көмүргө өткөрүү боюнча дээрлик иштер аткарылган эмес», - деди Т.Сарпашев.
Ошондой эле ал «Кыргызтуракжайбирлигинин» ишин сынга алып, алар мазутту жогорулатылган баада алгандыгын айтты. «Учурда «Джунда» мунайды кайра иштетүүчү заводдо мазут бар. Алардын мазут менен жеткиликтүү баада камсыздоого мүмкүндүгү бар. Ага катар Кара-Балтадан Балыкчы шаарына дейре ташуу маселеси көйгөй жаратпайт», — деди Т.Сарпашев.
Облустун отун базаларында негизинен Кара-Кече жана Миң-Куштан келген көмүрлөр сатылат. Ошондой эле сатыкта шабыркүл көмүрү бар. Көмүрдүн орточо баасы катары 2800 сомдон 5800 сомго дейре эсептелет, баалар боюнча мындай айырмачылык көмүр сатуудагы кызыл кулактыкка шарт түзөт.
«Мындай нерсеге жол берилбеши керек. Ишканалар реалдуу киреше ала алат, бирок өтө жогорку киреше ала албайт. Биз муну көзөмөлгө алабыз», - деди Премьер-министр. Ошондой эле ал Транспорт жана коммуникациялар министрлигине “Ысык-Көл кемечилиги” мамишканасына Балыкчыдан Каракол пристанына дейре ташуу мүмкүндүгүн ишке ашыруу тапшырмасын берди.
Андан соң Баткен облусу боюнча иштиктүү топ башчысы - вице – премьер-министр Абдырахман Маматалиев байланышка чыкты . «Облус боюнча даярдык графикке ылайык жүрүүдө, негизинен көмүр кендери (14 ишкана) Сүлүктү шаарында жайгашкан. Бирок шаарда отун базаларындагы баа жогору”, - деп белгиледи А. Маматалиев.
Буга байланыштуу А.Маматалиев район жетекчилерине 1-октябрга дейре кен ишкана ээлери менен көмүргө карата бааны төмөндөтүү маселеси боюнча иш жүргүзүүнү тапшырды.
Вице-премьер-министрдин айтымында, 2014-жылдын 1-октябрына дейре көйгөй чечилбесе, анда акимдер кызматтан алынат». «Алгач жергиликтүү тургундарды көмүр менен камсыздап, кийин коңшу өлкөлөргө сатуу керек», — деди Абдырахман Маматалиев.
Анын айтымында, отун базасы сүлүктү көмүрүнүн 1 кг 4,5 сомдон ташып келип, калкка 8 сомдон сатат. Ошондой эле көмүр коңшу Тажикстанга 1 кг - 9-9,5 сомдон сатылат.
Майыптарга, жесирлерге жана аз камсыздалган үй-бүлөлөргө көмүрдү жеңилдетилгнен бада берүү уюштурулган, 200ү – бекер, 300ү 50% жеңилдик менен сатып алган. Көмүр сатуучуларды аныктоо боюнча тендерлер өткөрүлүп, алар 100% аныкталган. Келерки кышка камылга көрүү боюнча калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Жалал- Абад облусу боюнча иштиктүү топ жетекчиси, энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин айтымында, облустагы даярдык абдан начар деңгээлде жүрүүдө, көйгөйлөр көп, графиктен артта калуу орун алууда.
Талас облусу боюнча иштиктүү топ жетекчиси, вице –премьер-министр Эльвира Сариева облуска жасаган өз сапарынын жүрүшүндө отун базаларынын ишинин уюштурулушу менен таанышып чыккан.
Учурда Талас облусу боюнча жалпысынан 63 отун базасы иш алып барууда. Мындан тышкары вице-премьер-министр Талас облусунун саламаттык сактоо жана билим берүү обьектилеринин, облустук буу казандардын кышка даярдыгын текшерди. Тендерлер өткөрүлгөн эмес, облус графиктен артта калууда. Соцобьектилердин 100% отун менен камсыздалса, калктын 30% көмүргө ээ болгон.
Нарын облусу боюнча иштиктүү топ жетекчиси, экономика министри Темир Сариевдин ордуна кырдаал боюнча маалыматты Памир Каримов билдирди. Мында бюджеттик уюмдардын көмүр камсыздоо боюнча иштери графиктен артта алууда.
Бишкек жана Чүй облусу боюнча иштиктүү топ жетекчиси - вице-премьер-министр Валерий Диль Бишкек шаарынын социалдык мекемелеринин жана буу казандарынын келерки 2014/2015-жылкы жылытуу мезгилине карата даярдыгын көзөмөлдөдү.
Иштиктүү сапардын жүрүшүндө Валерий Диль КЭЧ-1, КЭЧ-2, «Нур», «Ротор» аттуу төрт буу казанын, «Абдыкалыков» көмөкчордонун, «Азат» отун базасын, ошондой эле бир катар мектеп жана бала-бакчаларды кыдырып чыккан.
Жолугушуу учурунда мектеп жана бала-бакчалардын жетекчилери вице-премьер-министрге жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү иштери жыйынтыкталгандыгын маалымдады. Валерий Диль жеринде жылуулук тармактарын, щит түйүндөрүн жана буу казандарын карап чыкты.
Ошондой эле вице-премьер-министр газдаштыруу иштери пландаштырылып жаткан «Ала-Тоо» жаңы конушуна барды. Анда ал «Газпром Кыргызстан» ЖЧК борбордогу 22 жаңы конушту газдаштыруу долбоорун карап көрүүнү сунуштаган. «Газпром Кыргызстан» ЖЧК менен бирдикте жеке секторду газдаштырууну баштоо мүмкүндүгүн кароо зарыл. Бул учурда биз электр тармагына болгон жүктү олуттуу түрдө азайткан болот элек», — деди ал.
Бишкек шаары боюнча сапарында Валерий Диль белгилегендей, электр энергиясын үстөк колдонгон райондордо электр өчүрүүлөр орун алат.
“Бизге 2,3 млрд кВт/с үнөмдөө керек, бул бизге суу тартыштык мезгилиндеги жетишпеген кубаттуулук болуп саналат. Үнөмдөө эсебинен биз бул көрсөткүчкө чыгуубуз керек», — деп билдирди Валерий Диль.
Сапарынын соңунда вице-премьер-министр көмүргө карата бааларды себепсиз жогорулатууларды текшерүү максатында Октябрь районундагы «Азат» корпорациясынын отун базасына барды. Базадагы баа боюнча, бир тонна көмүр 3200 сомду түзгөндүгү анык болгон.
“Бүгүн, мен буу казандарды кыдырып көрүүдө, жалпысынан борборубуз келерки жылытуу мезгилине даяр экендигине күбө болдум. Шаардагы пландаштырылган иштер өз ырааты менен аткарылууда. Ошол эле учурда каржылоо өз маалында жүргүзүлүп жаткандыгы да маанилүү», — деди вице-премьер-министр.
Кыдырып чыгууда Валерий Диль Бишкек шаарынын чегинде жайгашкан бардык отун базаларына калкка ылайыктуу болушу үчүн 7 күндүк ишке өтүүнү тапшырды.
“Акыркы жылдары республикада калкты көмүр менен камсыздандыруу иши натыйжалуу жүргүзүлүүдө. Эми эң негизгиси – кыштын жакындап калышына таянып, көмүргө карата баа негизсиз жогорулатылбашы керек. Эч кандай бааларды жасалма түрдө көтөрүү орун албашы керек, бардыгы графикке ылайык жүргүзүлүшү тийиш”, — деди вице-премьер-министр Валерий Диль.
Борбор мэри Кубанычбек Кулматов чыгып, аткарылган иштер тууралуу баяндап, жаңы турак-жайларды жана чарба жүргүзүүчү обьектилерди эске алуу менен электр пайдалануу чегин кайрадан кароону өтүндү.
Жоомарт Оторбаев белгилегендей, борборду газдаштыруу боюнча ырааттуу иш жүргүзүлүшү тийиш, 22 жаңы конуш газга кошулушу керек.
Ошондой эле КР Өкмөтүнүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Исаев сөз сүйлөдү. Ал дагы чектөөлөрдү белгилөөдө облустагы ири ишканалардын жана жаңы турак-жайлардын санын эске алуу менен мамиле кылууга үндөдү. «Ички миграция жана өндүрүш өсүүдө. Аймакта 10 ири ишкана жана бир катар заводдор ачылды. Чектөөнү аныктоодо бул маселеге көңүл бурууну өтүндү жана иштер график боюнча жүрүп жаткандыгын билдирди.
Жоомарт Оторбаев Энергетика министрлигине ишканаларга чектөө маселеси боюнча бөлүштүрүүчү компаниялар менен иш алып барууну жана алардын газ жана электр энергиясы үчүн карыздарын тактоону тапшырды.
Жыйын соңунда Жоомарт Оторбаев Энергетика жана өнөр-жай министрлиги не бизнес-түзүмдөрдүн электр аркылуу жылытуу тутумдарын өчүрүү боюнча ишти көзөмөлдөөнү тапшырды.
«Сиздер жергиликтүү бийлик жана ыйгарым укуктуу өкүлдөр менен бирликте энергетикалык тамактагы абал, аны үнөмдөө тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүңөр керек. Алар эмне себептен альтернативдүү отун түрүнө өтүү зарылдыгын түшүнүүсү зарыл”, — деп жыйынтыктады ал.
Бюджеттик уюм жетекчилери имараттарды жылытуу жана үнөмдөөнү күчөтүү боюнча ыкчам чараларды кабыл алуусу тийиш.
Ошондой эле Премьер “Кыргызнефтегаз» ААКга Бишкек жана Ош шаарларынын ЖЭБдерине келерки күз-кыш мезгилине даярдык көрүү мезгилинде каражаттын бир бөлүгүн төлөгөндөн кийин айыппул салбастан, мазутту жеткирип берүүнү камсыздоону сунуштады.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү