04
Декабрь
Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев жетектеген Кыргызстандын өкүлчүлүгү Париж шаарында өтүп жаткан Евразия мамлекеттеринин атаандаштык боюнча экономикалык кызматташтык жана өнүгүү Уюмунун биринчи “тегерек столунун ” отурумуна катышууда.
Аталган иш-чаранын алкагында Кыргызстан экономикалык кызматташтык жана өнүгүү Уюмунун мүчө-мамлекеттеринин эксперттеринин баасын алуу үчүн “Адам капиталын өнүктүрүү жана айыл чарбасын каржылоонун жеткиликтүүлүгү” жана “Текстиль жана тигүү өнөр жайында экспортту көтөрүү” багытындагы реформалоонун мерчемдерин сунуштады. Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, бул багыттар экспорттук дараметке ээ жумушчу орундарды камсыздоочу пилоттук реформа катары тандалып алынган.
Программалар 2013-жылы Евразиялык атаандаштык боюнча экономикалык кызматташтык жана өнүгүү Уюмунун программасынын алкагында, мамлекеттик органдар, бизнес өкүлдөрү, эл аралык кызматташтык боюнча Герман коомчулугунун (GIZ) “Кыргызстанда экономикалык туруктуу өнүгүүгө кол кабыш” программасынын жардамы менен иштелип чыккан.
Өз сөзүндө Жоомарт Оторбаев Евразиялык атаандаштык боюнча экономикалык кызматташтык жана өнүгүү Уюмунун тажрыйбаларын Кыргызстанда да атаандаштыкты өнүктүрүү үчүн пайдалануу зарыл экендигин айтты. “Биз 22 жыл ичинде көз карандысыздыктын баскычында ар түрдүү эл аралык уюмдардан кеңештерди алып келдик. Кыргызстанда реформа жүргүзүү үчүн, элибиз жакшы жашоону сезүүсү үчүн дагы да эл аралык уюмдардын тажрыйбасын үйрөнүүгө даярбыз”, - деди ал.
Биринчи вице-премьер-министр экономикалык кызматташтык жана өнүгүү Уюмуна мүчө Германия, Түркия, Түштүк Корея сыяктуу мамлекеттерге жана атаандаштыкты өнүктүрүү багытындагы Евразиялык программага каржылык жардам көрсөткөн Европа Кеңешине мерчемделген реформалар боюнча сунуштары үчүн ыраазычылык билдирди.
Кыргызстан биринчилерден болуп экономикалык реформалар жаатында экономикалык кызматташтык жана өнүгүү Уюму менен талкууга катышып отурат. Аталган уюм Кыргызстан тарабынан иштелип чыккан сунушту жогору баалап, анын аткарылышы үчүн колдоо көрсөтөөрүн билдирди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү