30
Октябрь
Бүгүн, 29-октябрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Канаданын ыйгарым жана толук укуктуу Элчиси Стефан Милларды биздин өлкөдө дипломатиялык миссиясынын аяктоосуна байланыштуу кабыл алды.
Жоомарт Оторбаев элчиге Кыргызстан менен канаданын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
“Биз сиздер менен курч маселелерди, анын ичинде “Кумтөр” долбоорун да талкууладык. Кыргыз элинин бул долбоорго мамилеси бир тараптуу эмес. Биринчи кезекте бул буга чейинки таза эмес процесстер менен байланыштуу. Мен бул нерсени инвесторлорго болгон орой мамиле же коркутуп-үркүтүү деп Канада Өкмөтүнүн эсептебей тургандыгына ишенем. Парламент жана эл долбоордун жаңы түзүмдөштүрүү варианттарына канааттангыдай жана инвесторлор да жабыркабай тургандай болушу керек”-, деди Биринчи вице-премьер-министр.
Өз кезегинде Стефан Миллар Кыргызстан парламенттик демократия жолун тандап алгандыгын жана бул чечимди Канада колдой тургандыгын айтты
“Тилекке каршы, Жогорку Кеңештин “Кумтөр” долбоору боюнча чечими компромисстик сүйлөшүүлөргө болгон мүмкүнчүлүктү тарытат. Ошол эле кезде, Кыргызстандагы парламенттик башкаруу жана депутаттар өлкөгө жана элге керектүү нерсени чечет. Бизде бир инженердик компания коррупцияга дуушар болгон учур катталган. Анын күнөөсүн аныктап, мекемени жазалашкан. Эгер, “Кумтөрдө” коррупция фактысы аныкталса, канада өкмөтү күнөөлүүлөрдү жазалоого баардык мүмкүнчүлүгүн жумшайт. Бирок, мен көз карандысыз жана калыс сот чечиминин маанилүүлүгүнө ишенем. Кыргызстан бул иштин калыс чечилишине далалат кылганын баалайм”,-деп кошумчалады элчи.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү