12
Ноябрь
Бүгүн, 12-ноябрда, Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргыз-Орусия Экономикалык Кеңеши тарабынан уюшулган “Кыргызстан жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндик: алакалашуу жана анын келечеги” аталышындагы бизнес-форумга катышты.
Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын Евразия мейкиндигинде алакалашуусунун баардык баскычтары үчүн мындай кеңеш берүүнүн баалуу жагын белгиледи. “Биз Кыргызстандын Бажы Союзуна кирүүсү боюнча так механизмдерди иштеп чыгуубуз керек. Коомчулук менен бизнес чөйрөсү бизден баардык эсептөөлөрдүн оң жана терс жактарынын текшерилүүсүн күтөт”,- деди Жоомарт Оторбаев.
Ошондой эле, ал жакынкы аралыкта Кыргызстандын Бажы союзуна кирүүсү боюнча “Жол картасын” ылайыкташтыруу соңуна чыгаарын айтты.
Жоомарт Оторбаев 2013-жылдын октябрь айында Минск шаарында өткөн КМШ өлкөлөрүнүн саммитинде евразиялык экономикалык интеграция процесси боюнча бир катар макулдашылган чечимдер кабыл алынганын кошумчалады. Ал эми Арменияга Бажы союзуна байкоочу макамы берилди.
“Кыргызстандын экономикасын алга жылдыруучу – бул соода. Өкмөт Бажы союзуна өткөн алгачкы жылдарда жумушчу орундарын жок кылып албоо үчүн жана социалдык көйгөй жаратпоо үчүн тарифтик саясатты эсептөөсү абзел. Биз Бажы союзунун ички чек араларын жана чек ара көзөмөлүн жакшыртуу жоопкерчилигин алышыбыз керек”,- деп ырастады Биринчи вице-премьер-министр.
Ошондой эле, ал Бажы союзуна кирүүчү, ички дүң продукциясы жан башына төмөнкү көрсөткүчтөгү талапкер-өлкөгө колдоо көрсөтө турган фонд түзүү зарылдыгы бар экендигин кошумчалады.
Бизнес-форумга Кыргызстандын жана Орусиянын Өкмөт мүчөлөрү, Бажы союзуна мүчө-мамлекеттердин жана Кыргызстандын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.
КР Өкмөтүнүн аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү