01
Февраль
Кыргыз Республикасынын Биринчи-вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Эл аралык Валюта фонду менен Япониянын Эл аралык кызматташуу боюнча Агенттигинин эгидасынын алдында Бангкок шаарында өткөн «Экономикалык трансформация жана ар тараптуу өнүгүү” конференциясынын ишине катышты.
Конференцияда Жоомарт Оторбаев Азия континентиндеги өлкөлөрдүн экономикасынын азыркы учурдагы өнүгүү маселеси боюнча доклад жасады.Сунушталган докладда Борбордук Азия өлкөлөрү менен Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташуунун өнүгүү перспективасы, ошондой эле алардын жалпы экономикасынын өнүгүшү камтылды.
Бангкокко болгон сапардын алкагында Жоомарт Оторбаев Таиланд Королевствасынын Вице-премьер-министри, Тышкы иштер министри Сурапонг Товичакчайкул менен жолугушту. Жолугушуу учурунда мамлекеттер аралык ар тараптуу мамилелерди кеңейтүү максатында Астана шаарында 2012-жылы сентябрда ачылган резиденциясында Таиланддын Элчисин жакында аккредитациялоо маселеси талкууланды.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тараптар, өзгөчө айыл чарба, энергетика жана туризм тармагында үзгүлтүксүз кызматташууну жөнгө салууну билдиришти.
Маектешүүнүн соңунда Таиланддын Вице-премьер-министри ушул жылдын 16-20 майында Таиланд шаарында өтүүчү Азиялык-Тынч Океандык суу саммитинин 2-жыйынына катышууга Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевди чакырды. Ага жооп кылып Жоомарт Оторбаев КР Өкмөтүнүн атынан Таиланддын Вице-премьер-министрин өзүнө ыңгайлуу мезгилде Кыргызстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү