28

Ноябрь

2012

Бүгүн, 28-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи-вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев “Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын регионалдык кызматташуусунун кеңейиши экономиканын туруктуу өнүгүшүнүн фактору” аттуу  II кыргыз-россиялык конференциянын ишине катышты.

 Жоомарт Оторбаев конференциянын катышуучуларына каалоо айтып, Өкмөттүн алдыдагы приоритеттүү багыттары болуп жаңы эффективдүү ишканаларды ачуу менен жумушчу орундарын түзүлө тургандыгына токтолду. “Ийкемдүү инвестициялык  климат жана бизнес чөйрө түзүлбөсө ал пландар ишке ашпасын биз түшүнөбүз. Бизнесмендер биздин эң көптөн бери күткөн  меймандарыбыз. Инвесторлор жөнүндө сөз болгондо биз биринчи кезекте Россияны айтабыз. Анткени бизде байыртадан бери келе жаткан чогуу окшоштуктар бар жана экономикалык байланышыбыз олуттуу”, - деп белгиледи Ж.Оторбаев.

Биринчи-вице-премьер-министр Кыргызстан менен Россиянын товар алмашуусунун өсүшү биздин мамилелердин динамикасын көрсөтүп турат деди.

Жоомарт Оторбаев россиялык бизнесмендерди энергетика, айыл-чарба азыктарын кайрадан иштетүү, тоо-кен секторунда, логистикада кызматташууга чакырды.

Конференциянын катышуучулары болуп федералдык органдар менен регионалдык мамлекеттик бийликтин, бейөкмөт уюмдардын, бизнес чөйрөнүн, Россия менен Кыргызстандын эксперттик коомчулугунун өкүлдөрү катышканын белгилейбиз.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык саясат бөлүмү