28
Октябрь
Бүгүн, 28-октябрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, ошол эле учурда Азия өнүктүрүү банкын Кыргыз Республикасындагы башчысы Жоомарт Оторбаев, Азия өнүктүрүү банкынын Стратегия – 2020 орто мөөнөттөгү Борбордук жана Батыш Азия боюнча Кеңешчи өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн Бишкекте өткөн жыйынына катышты.
Өз сөзүндө Жоомарт Оторбаев, Кыргызстандагы АӨБнын портфелинин алкагында ишке ашып жаткан долбоордун илгерилөөсү жөнүндө маалымат берип, аймактарда, анын ичинде Кыргызстан үчүн күн тартибин түзүүдө өнүктүрүү артыкчылыктарына токтолду.
Кеңеш берүүдө АӨБнын өлкөдө жана аймактардагы мыкты экономисттери жана башчылары, Оганстандын, Армениянын, Казахстандын, Пакистандын, Таджикистандын жана Өзбекстандын өкмөт мүчөлөрү, ошондой эле жарандык коомдун жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү катышууда.
Анын жүрүшүндө, үч факторду: инклюзивдүү экономикалык өнүгүү, экологиялык туруктуу өнүгүү жана аймактык интеграцияга багытталган АӨБнын баардык көлөмдөгү корпоративдик стратегиясын камтыган 2020-жылга чейинки орто мөөнөттөгү стратегия талкууланууда. Талкуунун катышуучуларынын алдындагы максат- Стратегиянын жаңы башталууларга мамилесин жакшыртуу жана Борбордук жана Батыш Азиядагы ишке ашырылуучу АӨБнын долбоорлорунун натыйжалуулугун жогорулатуу.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалымат камсыздоо бөлүмү