09

Февраль

2013

Бүгүн, 8-февралда, Кыргыз Республикасынын Биринчи-вице-премьер-минсистри Жоомарт Оторбаев КР Өкмөтүнүн Ысык-көл облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиясынын ишине катышты. Коллегиянын жүрүшүндө 2012-жылдын жыйынтыгы жана 2013-жылдын пландары талкууланды. 

Аталган жыйында негизги доклад менен КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Асанакунов сүйлөдү. 

Жоомарт Оторбаев өз сөзүндө республиканын финансы-экономикалык көрсөткүчтөрүнө  кыскача токтолду. Ал Түп-Кеген жолунун курулушунун бүтүшүнө Өкмөт зор маани берерин билдирди. Ошондой эле “Каркыра” чек ара өткөрмөсүн ачуу боюнча Казакстан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдады. 

Биринчи-вице-премьер-министр Күрмөнтү цемент заводун ишке киргизүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, цементти өндүрүү менен курулуш тармагына да пайдасы тиерин, кошумча иш орундары болорун белгиледи. 

Андан соң Жоомарт Оторбаев Ак-Суу районунун аймагындагы “Тунук-Курулуш” жоопкерчилиги чектелген компаниясынын курулуш иши менен таанышты. Аталган ЖЧК Түштүк Кореянын инвестициясы менен курулуп сменасында 10-12 тонна картошканы кайра иштетмекчи. 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү