03

Ноябрь

2012

Бүгүн , 2-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Борбордук азиядагы Ханс Зайдель фондунун 10 жылдык юбилейине катышты

Биринчи вице-премьер-министр өзүнүн куттуктоо сөзүндө Фонд аз убакыттын аралыгында жаңы башкаруучуларды даярдоого зор салым кошуп, коомчулугубузда зор кадыр–барк топтой алды. “Ханс Зайдель Фонду биздин өлкөбүздүн өнүгүшүнө теңдеши жок салым кошууда. Уюмдун кызматкерлери биздин өлкөнүн өсүшү үчүн алгылыктуу багыттарга көңүл бөлүп, кадрдык потенциалга басым жасап жатышат», — деп айтты Ж.Оторбаев.

Ошондой эле Ж.Оторбаев кадрлар туурасында айтып жатып, Х.Зайдель Фондунун бүтүрүүчүлөрү бүгүнкү күндө мамлекеттик жана жеке секторлордо, менеджер, эмгек жамааттын жетекчиси болуп иштеп, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкондугун белгиледи. «Биз үчүн бүгүнкү күндө алгылыктуу багыт - жергиликтүү бийликтердин башчылары менен жетекчилерин окутуп, аларга өтө чоң укуктарды берүү менен жер-жерлерде иш алып баруу жоопкерчилигин жүктөп жаткандыгыбыз. Адам ресурстарынын өсүшүн жогорулатуу үчүн бул тармак инвестицияга муктаж”, - деп айтты. Ж.Оторбаев жаш кадрларды даярдоодо жана алардын потенциалын жогорулатууда Ханс Зайдель Фонду менен Өкмөттүн кызматташтыгы мындан ары өнүгөөрүнө үмүт артаарын билдирди.

Ханс Зайдель Фондунун жетекчиси Макс Георг Майер мырза Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү