24

Апрель

2015

Жоомарт Оторбаев Өкмөттүн жаңы курамы уюштурулганга дейре КР Премьер-министринин милдетин аткаруусун улантат

Бүгүн, 24-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Өкмөтүнүн кызматтан чегинүүсү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин, 87-беренесинин 1, 2, 3-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 4-беренесине, 23-беренесинин 4-бөлүгүнө жана 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык токтом кылынат:

  • Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Кайипович Оторбаевдин кызматтан чегинүүсүн кабыл алуу.
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн отставкага кетти деп эсептөө.
  • Премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министрлер, Өкмөт мүчөлөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын административдик ведомство жетекчилик кызматын ээлеген жактар Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлүгү жана административдик ведомство жетекчилиги милдетин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы уюшулганга дейре мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык аткаруусун улантсын. Жоомарт Оторбаев кызматтан чегинүүсү тууралуу кечээ, 23-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында Өкмөттүн 2014-жыл үчүн отчетун сунуштоодо жарыялаган. Парламент Өкмөттүн отчетун “канааттандыраарлык” деп тааныган. Жыйын учурунда Жоомарт Оторбаев Жогорку Кеңешке Өкмөттүн 2014-жылкы ишмердүүлүк жыйынтыгына оң баа бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди. «Бул аткаруу бийлигинде кызмат өтөгөн миңдеген адамдардын эмгеги болуп саналат. Биздин иште айрым кемчиликтер болгону менен ага катар жетишкендиктер дагы орун алды. Менин терең ишенимимде, демократиялык мамлекетте бийликке карата монополия орун албашы керек. Өлкө дайыма жаңыча көз-караш, сунуштар жана идеяларга муктаж болот. Бийликтин аткаруу бутагын дагы бир ирет “силкиндирүү” зарыл. Ушул көз-караштан алып караганда, мен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Премьер-министри кызматынан чегинүү чечимин кабыл алдым», — деди ал.

    КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

    Маалыматтык камсыздоо бөлүмү