07
Декабрь
Кыргыз Республикасынын Биринчи-вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Япониянын эл аралык кызматташуу агенттигинин (JICA) Вице-президенти Кьеши Кодераны кабыл алды.
Жоомарт Оторбаев мейманды кабыл алып жатып Кыргызстандын жетекчилиги Япониянын эл аралык кызматташуу агенттиги менен болгон мамилелерге канааттанарына токтолуп, ар түрлүү спектрдеги маселелер тууралуу сүйлөшүүлөр жана талкуулар дайыма болуп тураарын айтты.
Жолугушуу учурунда Ж. Оторбаев JICAнын өкүлчүлүгүнө Кыргыз Республикасына көрсөтүп жаткан жардамдары үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Кьеши Кодера Кыргызстанга мындан ары кызматташуу боюнча ой бөлүшүү үчүн келгенин билдирип, “Буга чейин бир нече жолу биздин агенттик тарабынан бүтүп калган аналитикалык иш жөнүндө айканбыз. JICAнын стратегиясы үч тармака негизги көңүлду бурат: агробизнести өнүктүрүү, жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жардам берүү, Бишкектеги кыргыз-япон адам өнүгүүсү борборунун базасында кыргызстандык ишкерлерди окутуу”,- деди Кьеши Кодера.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү