17
Октябрь
Жоомарт Оторбаев: «Маалыматтык коом түзүүгө карата чыныгы кадам жасалды»
Бүгүн, 17-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Жалал-Абад облусуна жасаган бир күндүк иш сапарынын жүрүшүндө стратегиялык жогорку ылдамдыктагы магистралдык «Бишкек-Ош-Баткен» була-оптикалык байланыш линиясын ишке киргизүү салтанатына катышты.
«Маалыматтык коом түзүүгө карата чыныгы кадам жасалды. Түндүк жана түштүктү байланыштырган була-оптикалык байланыш линиясы Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда гана Интернеттин чыгуу тездигин 2 Мбиттен 10 Мбитке дейре жогорулатууга мүмкүндүк берет», — деп билдирди салтанаттуу иш-чарада Жоомарт Оторбаев.
Була-оптикалык байланыш линиясынын узундугу 945 километрди түзөт.
«Кыргызтелеком» ААК Кыргыз Республикасынын жалпы аймагын камтыган була-оптикалык тармакты түзүү менен өлкөнүн телекоммуникациялык инфраструктурасын модернизациялоонун негизги этабын жыйынтыктады.
Натыйжада, Кыргыз Республикасынын Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясынын маанилүү компоненттеринин бирин ишке ашыруу жагы жыйынтыкталды.
Маалымдама:
Стратегиялык жогорку ылдамдыктагы магистралдык «Бишкек-Ош-Баткен» була-оптикалык байланыш линиясынын курулушу 2008-жылы башталып, 2014-жылдын 17-октябрында жыйынтыкталган.
Аталган долборду ишке ашырууда республика аймактарында заманбап телекоммуникациялык инфраструктураны түзүүгө, колдогу тармактык ресурстарды пайдалануу натыйжалуулугун жогорулатууга, Интернеттин тездигин күчөтүү, түштүк аймакта сапаттуу жана заманбап санариптик тейлөөнүн толук пакетин алууга, учурдагы тармактык ресурстарды пайдалануу менен транзиттик тейлөөнү берүүдөн түшкөн кирешени жогорулатуу мүмкүндүгү түзүлөт.
[su_carousel source="media: 43982,43983" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү